www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен Түштүк Африканын улуттук конгрессинин президенти катары Путиндин эртең эле келишин жана биздин өлкөгө тезинен каттап турушун каалайт элем. Бул тууралуу Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса америкалык журналистке маек берип жатып билдирди.

“Биз аны жашообуздун ажырагыс бөлүгү катары көрүүгө кубанычта болобуз. Бирок, эл аралык кылмыш соту бизди чектеп жатканын түшүнөбүз.

Путин бир чоң державанын башчысы, сиз чындап эле мамлекет башчысын жөн эле камап койсо болот деп ойлойсузбу? Силердин өлкө (АКШ) Иракта жана Ооганстанда канча кылмыш жасады. Аларды камакка алыштыбы, жок.

Силер Украина менен Россиянын ортосундагы тынчтыктын жыргалчылыгы үчүн иштеген альянс түзүү жөнүндө көп ызы-чуу салдыңар, бирок жаңжалды чече алган жоксуңар. 

Тони Блэр Иракка массалык кыргын салуучу курал бар деп барган. Улуу Британияда буга каршы чыга турган кимдир-бирөөнү билесизби? Иракта жана Ооганстанда миллиондон ашык адам өлдү. Массалык кыргын салуучу курал жок жана биз согуштун эмнеден башталганын так билебиз. Россия менен Украинанын ортосунда согуш болуп жатат, биз тынчтыкты каалайбыз”, - деди Сирил Рамафоса. 

Эске сала кетсек, 17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди, ошондой эле Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Балдардын укуктары боюнча ыйгрым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белованы камакка алууга эл аралык ордер берген.

Түштүк Африка Республикасы ушул жылдын август айында өтө турган уюмдун саммитине БРИКСтин бардык өлкөлөрүнүн лидерлери, анын ичинде Россиянын президенти Владимир Путин жеке өзү катыша турганына даярданып жатканын маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости