www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Кореянын бийлиги мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону ушул жылдын 3-июнуна белгилөөгө пландашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 8-апрелде Министрлер кабинетинде шайлоо өткөрүү маселеси каралат.
“Түштүк Корея Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Хан Деок Су президент кызматтан кеткенден кийин 10 күндүн ичинде бир датаны белгилеши керек ”, - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, апрель айынын башында Түштүк Кореянын Конституциялык соту өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлдун импичменти боюнча акыркы чечимин чыгарганы маалымдалган.