www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Осетия Орусияга кошула турганын жарыялады

Түштүк Осетия жакын арада Орусиянын курамына кирүү үчүн юридикалык аракеттерди көрүп баштайт. Мындай билдирүүнү кечээ, 30-мартта көз карандысыздыгы таанылбаган Түштүк Осетиянын башчысы Анатолий Бибилов билдирди.

Андан соң Бибиловдун басма сөз катчысы Түштүк Осетияны Россия Федерациясынын курамына киргизүү боюнча референдум өтөрүн, референдумду 10-апрелде өтүүчү Түштүк Осетиянын башчысын шайлоодон кийин уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле «Deutsche Welle» маалымат агенттиги көз карандысыздыгы таанылбаган Абхазия Республикасы Орусиянын курамына кирүүгө кызыктар эмес экенин жазды.

«Абхазиянын Конституциясы биздин өлкөнүн көз карандысыздыгын так көрсөтүп турат. Орусия — биздин стратегиялык өнөктөш, бизге жакын өлкө. Бирок анын курамына кирүүгө кызыктар эмеспиз», - деди Абхазия парламентинин спикери Валерий Кварчи. Абхазия жана Түштүк Осетия Россия менен Грузиянын ортосунда жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости