www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев "Old Bishkek" долбоорунун алкагындагы айрым курулуш иштерин токтотууну жана долбоордун шаар куруу талаптарына шайкештигин текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу 19-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар башчысынын айтымында, буга чейин муниципалитет Курулуш министрлигине көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүү жана долбоордун ишке ашырылышы мурда билдирилген талаптарга жана бекитилген документтерге ылайык келүүсүн аныктоо боюнча расмий кат жөнөткөн.

«Биз объектти бир нече жолу кыдырып, түшүндүрүү жолугушууларын өткөрүп, долбоорлорду бекитилген документтерге жана шаар куруу ченемдерине ылайык келтирүүгө чакырганбыз. Ошого карабастан курулуш иштери уланып жатты», деди Джунушалиев.

Мэр курулуш компаниянын өкүлдөрүнө имараттын экинчи кабатынын үстүнө чатыр тургузуу иштерин убактылуу токтотууну тапшырды. Ошол эле учурда Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчисине сунушталган эскиздик долбоорду карап чыгуу, долбоорду шаар куруу талаптарына ылайык ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды

Последние новости