www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түгөнбөөчүдөй сезилген айрым заттар

Суу, мунай жана бал аарыларынын барган сайын азайып баратканын баарыбыз байкасак керек. Бирок, алардан сырткары биз түгөнбөөчүдөй көрүп, ысырап кылуунун айынан түгөнүп бараткан жана жашообузда өзгөчө орду бар башка нерселер дагы бар.

  1. Орбитадагы мейкиндик

2019-жылдын эсебинде Дүйнөлүк орбитада айланган 500 миңден ашуун зат бар. Алардын 2000ге жакыны гана функция аткарууга жөндөмдүү. Күнүмдүк байланыш, GPS жана телевизор үчүн пайдаланылган спутниктер ушулар. Ал эми калгандары учурулган ракеталар же орбитадагы заттардын кагылышуусунан калган бөлүктөрдөн түзүлөт. Бул эмнени түшүндүрөт? Аталган 500 миң көлөм активдүүлөрүн гана камтыйт. Аларга күн сайын жаңылар кошулуп турат.

Технология өнүккөн сайын орбитага бир нерсе жөнөтүү жеңилдөөдө. Адамзат үчүн жалпы жонунан жакшы тарапка өнүгүү катары көрүнгөнү менен орбитада айланган заттардын кыймылын жөнгө салуучу абаны контролдогон система жок. Дүйнөгө жакын аралыкта жайгашкан керексиз калдыктарды тазалоочу бир технология азырынча курула элек. Орбитада жыштык арткан сайын бул заттардын кагылышуу ыктымалдыгы жогору. Ошол себептен телефон, карта, аба ырайын болжолдоочу системаларды жөнгө салган байланыштар зыянга учурайт. Бул маселени чечүү боюнча иштер уланууда, бирок азырынча бир жолу табыла элек.

  1. Кум

Деңиздин жээги жана чөлдөр кумга чулганып турса, кантип эле түгөнсүн дешибиз мүмкүн. Ошентсе да, кум жер жүзүндө эң көп колдонулган заттардын бири. БУУнун билдирүүсүнө караганда кум абдан көп коротулууда. Эрозия жолу аркылуу кумдун пайда болушу миңдеген жылдарды алат. Болбосо курулуш иштеринде, суу тазалоо жана айнек өндүрүүдө тынымсыз колдонулуп, түгөтүлүүдө. Кумдун азайышы экосистемаларды коркутуп, бул табигый запастын колдонулушун жөнгө салуучу глобалдык көзөмөл системасын түзүүгө карата үгүттөр барган сайын күч алууда.

  1. Гелий

Мындан кийин кечелерде учуучу баллон колдонууда эки жолу ойлонушуңуз керек. Анткени бул баллондор гелий газына толтурулат. Ал эми гелий жер астынан чыгып, айрым божомолдорго ылайык 30-50 жылдын аралыгында түгөнүп калуу коркунучунда турган бир газ. Анын медицинадагы орду да өзгөчө. Томографиялык апараттардын иштөөсүн камсыздаган магниттерди муздатууга колдонулат.

  1. Банан

Учурда коммерциялык максатта өндүрүлгөн банан түрлөрүнүн көбү “Панама оорусу” оорусуна байланыштуу коркунуч астында турат. Биз жеген банандардын көбү Cavendish деп аталган өсүмдүктөн алынат. Ал эми Панама оорусу банан өскөн жерлерде тез жайылат. Буга чейин дагы ушуга окшогон коркунуч болуп өткөн. 1950-жылдарда аталган оору дүйнөлүк банан өндүрүү кирешесин нөлгө түшүрүп, өндүрүүчүлөр Gros Michel аттуу түрдөн Cavendish’ге өтүшкөн эле.  Учурда изилдөөчүлөр банандын жаңы түрлөрүнүн үстүндө иштеп жаткан чагы.

  1. Топурак

Дүйнө жүзүн каптаган топурак бир мезгилде жок болуп кетпейт, албетте. Бирок, туура эмес колдонуудан түгөнүү коркунучу барган сайын артууда. Топурактын эң үстүңкү катмары өсүмдүктөрдүн азыктануу булагы болуп саналат. Жаратылышты коргоо фондунун (WWF) болжолдоолоруна ылайык, дүйнөгө тиешелүү үстүңкү катмардагы топурактын жарымына жакыны акыркы 150 жыл ичинде жоготууга учурады. 2,5 см болгон үстүңкү катмардагы топурактын табигый жол менен пайда болушу 500 жылды түзөт. Эрозия, интенсивдүү айыл-чарба, токой иштетүү жана глобалдык ысуу – дүйнөдө азык-түлүк өндүрүмүнүн дээрлик көбү үчүн керектүү болгон үстүңкү топурактын жоголушуна алып келет.

 

Последние новости