www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейөкмөтчүлөр кайрымдуулукка муктаж

“Реформа” партиясы элден чогулткан акчасы менен эл өкүлү болууга мүмкүнчүлүк алды. Эл өкүлү болуу үчүн добуш да алуу керек дечи, бирок эсебине аз убакыттын ичинде эл беш миллион сомду которуп койгонуна караганда, бери дегенде эки-үч миллион тарапташтары бар окшойт.

Партиянын жетекчиси Рита Карасартова мамлекетти оңдоого, алдыга жылдырууга каалоолору күч экенин, бирок кендирди кескен каражат көйгөйү колу-буттарын тушап жатканын айтып, соцтармактын колдонуучуларына арызданган. Аны менен катар эсебин көрсөтүп, алардын идеясын колдогондор болсо акча которуусун өтүнгөн. “Силер өкүнбөгүдөй эл өкүлү болобуз”- деген убадасын берүүнү да унутпаган. 24-августта партиянын эсебине беш миллиондон бир аз ашык сом которулганын, дагы да эл акча салып жатканын жар салды. Саясатта жүргөндөр же кошулууну каалагандар элди ушунчалык келесоо ойлойбу, билбейсиң. “Реформанын” катарындагы бейөкмөтчү уюмдардын өкүлү экени белгилүү, каражат кайдан кайкып учуп келе жатканын жашыруу максатында элден жардам сурамай ыкмасы табылыптыр.

Пандемия, узакка созулган карантин, саясаттан жедеп чарчаган, кооз сүйлөгөндөрдү көргөндө аллергияга чалдыккан, өнүктүрөм, гүлдөтөм деген убаданы уккан жерден безе качып калган эл.. саясат үчүн беш миллион турмак беш сом аянычтуу акыбалда эмеспи...

Булак: Майдан.kg

Последние новости