www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 14 оорукана куруу жана оңдоп-түзөө иштери пландалууда. Ага 206,5 миллион сом жумшалат. Бул туурасында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров билдирди.

Анын айтымында, "Капиталдык салымдар" боюнча эки объектинин курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен 21 миллион сом бөлүнөт. Алар - Жалал-Абад облустук ооруканасы жана Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Чайчы айылындагы оорукана.

Ал эми Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында тез курулуучу үч инфекциялык оорукананы тургузуу жана тогуз объектини капиталдык оңдоо иштери "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунан" каржыланат. Ага 185,5 миллион сом каралган.

Белгилей кетсек, июль айында өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп, ооруканаларга бейтаптар батпай калган. Ошондон кийин президент башында туруп, жер-жерлерде жугуштуу илдеттер ооруканасын куруу иштери башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости