www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен ырчы Гүлбү Орозкул кызынын экинчи кызы Сезим Иманалиева турмуш жолуна узады. Сезимди эжеси Айзуура менен жездеси диктор Мирзат Мукановдор өз бүлөсүнө тапшырып, элден бата алышты.

– Айзуура, күйөө балаңыз кут болсун! Жакшылык жуптуу болсун!

– Чоң рахмат, жакшылыктар бизде эле эмес, элибизде да мол болсун деген тилек менен баштагым келип турат. Сиңдим менен күйөө балам үч жылча кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, анан мамилелерин нике менен бышыктап баш кошушту. Экөө Улуттук университеттин юридикалык факультетинде чогуу окушкан, магистратуранын 2-курсунда да бирге окуп жатышат. Бүгүнкү күнү Сезим келиндик кызматын кылып, күйөө балабыздын туулуп-өскөн жери Өзгөндө жүрүшөт. Биз да барып конок болуп келдик. Ал эми келечекте жашоосу кайда уланарын билбейм, бирок экөөнүн тең окуусу, күйөө баламдын жумушу шаарда болгондуктан азырынча шаарда жашашса керек. Эң негизгиси, кайсы жакта болсо дагы бактылуу болушканы маанилүү.

– Жаш болсоңор дагы жолдошуңуз Мирзат мырза экөөңүздөр ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп баштан-аяк чуркап, бир бооруңузду узаттыңыздар. Кыйынчылыктар болгон жокпу?

– Сиңдиме эже эле эмес, тилекке каршы, эне да болдум. Апабыздын ордун басуу мүмкүн эмес, бирок колумдан келишинче аракет кылдым. Кыйынчылык деген жаманчылыкта болот экен, Мирзат экөөбүз ушул нерсени көрдүк. Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин эле апабыздан, кийин атабыздан айрылдык. Ак кепинге чуркоо оор кыйынчылык десем болот. Ал эми жакшылыктыкы башкача. Жолдошум экөөбүз тойдун камын көрүп, Сезимдин майда-барат нерсесине чуркап жүрүп “жаныбызда ата-энебиз болуп, биз жөн гана жардам берсек эмне эле…” деп ыйлап алып, кайра “Кудайымдын ушунусуна да шүгүр, биз жамандыкка эмес, жакшылыкка чуркап жатабыз, бул чоң бакыт” деп ысыктан чарчап, терибиз агып турса дагы сүйүнүп жаттык. Ата-энебиз болсо кандай узатышат эле… Биз алардыкына жеткире албасак да, болгон күч-аракетибизди жумшадык. Мындай иштерге жолдошум экөөбүз тең жаштык кылат экенбиз, анча-мынча катачылыктар болбой койгон жок.

– Кыргызда энеге тиешелүү үрп-адаттар, салттар көп эмеспи, аларды да аткардыңызбы?

– Ооба. Кыздын себин, сандыгын, көшөгөсүн даярдоо деген нерселер бар эмеспи. Апабыз бул дүйнөдөн кеткенден кийин бул нерсени өз мойнума алып четинен даярданып баштагам. Мени узатып жатканда апам кандай кылса, ошого окшоштурганга аракет кылдым. Таенем, атамдын бир тууган эжелери да көзөмөлдөп, колдоп-коштоп турушту.

– Пандемияга байланыштуу той-аштар токтоп турат да, бул нерсеге кооптонгон жоксуздарбы? Сиздердин жакшылык өткөн тойкана кийин айып пулга жыгылыптыр…

– Негизи, Сезимди узатуу атам каза болгонго чейин эле пландалган. Атам болочок күйөө баласы менен таанышкан. Ошо көзү тирүүсүндө эле жакын дос-санаалаштарына сүйүнчүлөп айткан экен. Эң өкүнүчтүүсү, жакшылыкка өзү күбө боло алган жок. Анан кудалар тарап сурап келгенде “кыздын бактысын байлабайт” деген илгертен бери айтылып келаткан сөзгө таянып узатууга бел байладык да, даярдык көрө баштадык. Учурдагы кырдаалды эске алып эң жакын тууган-туушкандарыбыздын курчоосунда чакан той өткөрдүк. Биз санитардык нормаларды сактап, абдан аз сандагы киши чакырдык. Конокторду чакырып жатканда, тойдон кийин да ден соолугун, абалын сурап жаттык. Тойканасын ачып, колдоп бергендерге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

– Сезим менен Бексултандын өкүл атасы белгилүү ырчы агабыз Сыймык Бейшекеев болуптур.

– Ооба, кыргызда өкүл ата-эне деген жакшы бир жөрөлгө бар. Сезим жаңы төрөлгөндө Сыймык атам ысымын ыйгарып, ошондо эле ата-энебиз “буюрса, кызыбыз сенин карооңдо болуп, бой жетип турмуш жолуна узатканда өзүң өкүл аталык милдетти аткарасың” деп айтышкан экен. Ошондуктан бул нерсе талкууланган да эмес, дароо эле бул милдетти Сыймык атабыз менен Нурзада апабызга ыйгардык.

– Сиздин жолдошуңуз менен сиңдиңиз аябай ынак, сырдаш адамдар экендигин айттыңыз эле бир интервьюңузда. Болочок бажа Мирзат мырзанын да сынынан өтсө керек?

– Ооба, жолдошум менен сиңдим ага-карындаштай ынак мамиледе болушту. Сезим кээ бир мага айтпаган сырларын Мирзат менен бөлүшчү. Албетте, Мирзат экөөбүз тең күйөө балабыздын сыртынан байкоо салып турдук. Анткени Сезим Мирзат үчүн, мен үчүн да чоң аманат болду. Негизи эле Сезимдин ар бир ой, чечимдерин сыйлап турчубуз. Бул мамиледе да колдообузду көрсөтүп турдук. Сезим абдан акылдуу кыз, өз өмүрлүк жарын тандоодо адашпайт деген үмүтүбүз чоң.

– Ушул убакытка дейре сиздер менен жашачу эле, азыр сиңдиңиз жок жалгызсырабай элесизби?

– Сезим өзү деле “22 жылдын ичинде бир жылдай эле чогуу жашабаптырбыз” деп күлүп калат. Апамдын көзү өткөндөн кийин сиңдимди өзүбүздүкүнө алып келгенбиз. Мен эле эмес, балдарым да Сезимге аябай көнүп алыптырбыз. Балдарым азыр эжесин издеп калып жатышат. Уядан учкан кыз үйгө ыйлап кайтып келип же жөнү жок келбей, тек гана конок катары эле келип турса деген тилек менен сагынычыбызды ичибизге эле калтырып турган учурубуз.

– Тойго атаңыздын жубайы да келди, негизи, ортодогу мамилеңиздер кандай?

– Жашоодо биз ойлобогон, күтпөгөн бурулуштар болуп турат экен. Бул Кудайдын бир сыноосу болсо керек. Атам менен апам эки ажырым жолго түшүп, кийин атам үй-бүлө куруп, бала-чакалуу болду. Балдары апамды, апам балдарды абдан жакшы көрүп, үй жакка келгенде жылуу тосуп алчу. Биз да бир туугандарыбызды абдан жакшы көрөбүз. Анан албетте, эжесинин тоюна келишет да. Жакшылыгыбызга күбө болуп кетишсин деп бир туугандарыбыздын энесин кошо чакырдык.

– Сиңдиңиз атаңыз экөөнүн акыркы сүйлөшкөн катын баракчасына киргизип, баарыбызды ыйлатты эле. Ата-бала өзгөчө жакын беле?

– Сезим менен атамдын ортосунда өзгөчө байланыш бар болчу. Сезимди атам “кичинекей балапаным” деп эркелетчү. Сезим да атамды башкача жакшы көрүп турчу. Бул нерсе ата-энебиз эки жолго түшкөндөн кийин деле өзгөргөн эмес. Баарыбыздан башкача жакшы көрүп, кээ бир айтылбаган сырларын Сезим менен бөлүшүп калчу. Экөө абдан көп сырдашчу экен, кээ бир нерселерди биз деле азыр билип отурабыз.

– Элмирбек аганын каза болгонуна төрт ай болуптур. Ошол каргашалуу апрелдин 20сы өмүр бою эсиңизден кетпесе керек…

– Эки жарым жылдын ичинде жашообузда ушундай чоң өзгөрүүлөр болуп кетти. Бүгүнкү күнгө чейин абдан оор болуп жатат мага. Ошондуктан мен газета-журнал, телевидение, радиолордун эскерүү тууралуу чакырууларынан баш тартып келем. Эскерүүгө өзүмдү даяр эмес сезип жатам. Аларды эскерүүгө да ыраа көрбөй турам. Буюрса, ата-энемдин басып өткөн жолун, чыгармачылыгын баяндап айтып берүүчү күн келет.

Булак: Леди.кж

Последние новости