www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Кубатбек Боронов Дыйкан айылы менен Кара-Кече кенинин ортосундагы убактылуу жолду ачуу иштерин кыска мөөнөттө чечүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы аталган маселе боюнча кеңешме өткөргөн. Анда Транспорт жана жолдор министрлигине Кара-Кече көмүр кенинен көмүр ташууну өз учурунда камсыздоо үчүн унаа каттамын тезирээк калыбына келтирүү тапшырылган.

Мындан тышкары, "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясына аз убакытта көмүр кенине электр энергиясын берүүчү түркүктөрдү калыбына келтирүү тапшырмасы коюлганы айтылды.

Эске сала кетсек, жакын арада эле жааган жаан-чачындан улам Дыйкан - Кара-Кече унаа жолунун тилкесине таш кулап, 300 миң метр куб көлөмүндөгү шиленди пайда болгон. Анын кесепетинен электр түркүктөрү жабыркап, Кара-Кече көмүр кенинин борбордук кен казуучу жериндеги жол жабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости