www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акжолтой Тукунов деген блогер чалыш тыт сакал аткаминер бар. Фейсбукта отуруп алып өйдө-төмөн, ойду-тоону жазып, коомчулуктун көңүл чордонунда болуп турганды жакшы көрөт.
Жакында эле Монополияга каршы күрөшүү кызматынын директорунун орун басары кызматынан алынган. Ошондон бери бош. Иштен алынганда ар-намысын жыйыштырып коюп, "мени эмнеге иштен алып салдыңыз" деп президентке муңканган пост жазган.
Ал биз кеп кылган кызматка казиного каршы митингге чыгып, соодалашып жеткени коомчулукта Тукуновдун бетине эчен ирээт айтылып, жазылды. Бирок бетинин териси өтө калың экен бир дың эткен жок.
Кызматта турганда көмүрдөн башкага акылы, билими деңгээли жетпеди окшойт, эки сөзүнүн бири көмүр болуп жатып иштен кетти. Дал ушул Тукуновдун тушунда бензин, керосин, солярка эки эсе кымбаттап, асманга чыкты. Ага чара көрүүгө даремети жетпеди.
Мына эми "иттен жок, же ит байлаган жиптен жок, ашың тургай табагыңды таап ал" болгон кезде, Фейсбукта "казиного ким каршы, кол топтойлу, бензиндин баасын арзандатып берейинби" деген өйдүк-сөйдүк сөздөрдү жазып, маалыматтык манипуляция кылып, элдин көңүлүн буруу аракетин көрүп "ооруп" жатат.
Кызыгы, дал ушул казино каршы митингге чогуу чыккан Адилет Балтабай камалып, Тукунов кызмат алган. Бул" акылдуу" кызматта турганда бензин көтөрүлүп кетти. Чара көрбөй эшек талкалап отурдубу? Эми түштөн кийин "былжыраган сөзүмдү бирөө-жарым угабы" деп да ойлоно албаганы өкүндүрөт. Кайран деңгээл. Ушундан көрө, сакалын эмес, акылын, билимин өстүрсө болмок, жек көрүндү болбой...
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес.
Булак: NazarNews.kg