www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-октябрда Бишкекте муниципалдык автобус жана троллейбустарда валидаторлор иштебей, жүргүнчүлөр жол кирени Тулпар, банк карталары менен төлөй албай калып, накталай төлөөгө аргасыз болду. Ошондой эле QR-код менен төлөгө мүмкүн болгон жок.

«Тулпар» системасын иштеткен «БПЦ КГ» компаниясы билдиргендей, алар 23-октябрга караган түнү саат 00:00дон 03:00го чейин техникалык жумуштарды жүргүзгөн. Коомдук унаалар каттамга чыккан мезгилди кандайдыр бир маселе жаралбашы үчүн техникалык иштерди аткаруу үчүн түнкү убакыт тандап алынган. Бирок жумуштар көпкө чейин созулуп кетип, эртең менен валидаторлор иштебей калган. Бардык мүчүлүштүктөр саат 09:30га чейин жоюлган.

Аталган компания белгилегендей, «Тулпар» системасы ушул өңдүү учурларда иштебей калган кезде, жүргүнчүнүн башка акчасы жок болуп калса, жол кирени төлөбөй койгонго укуктуу.

Ошол эле учурда компания эртең мененки мүчүлүштүктүн айынан «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасына түшпөй калган акчаны төлөп берерин убада кылды.

Компания келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Последние новости