www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 22-январда президенттин тапшырмасы менен Шопоков шаарына барып, «Дөөлөт курулуш» компаниясынын курулуш объекттеринин абалын жеринде текшерди.

Президенттин Иш башкармалыгынан кабарлашкандай, иш сапардын максаты элдин үнүн угуу, маселени жеринде көрүү жана көйгөйдүн чыныгы абалын так аныктоо болду.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө маселенин өтө олуттуу экени аныкталды. Миңден ашуун үлүштүк курулушка катышуучулар (дольщиктер) аталган компанияга ишенип, 1 миллиард сомдон ашык каражат төлөшкөн. Айрым дольщиктер кийинчерээк каражаттарын кайра алып кеткенине карабастан, компаниянын эсептеринде дольщиктердин акчасынан 900 миллион сомдон ашык сумма калууга тийиш экени айтылууда. Бул — ири көлөмдөгү каражат", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда жеринде көрүлгөн абал боюнча курулуш иштери дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Көпчүлүк блоктор котлован деңгээлинде калып, айрым участоктордо бир да кабат көтөрүлгөн эмес. Эл болсо эки жылдан бери үмүт менен күтүп келет. Айласы кеткен жарандар президентке кайрылууга чейин барышкан.

"Долбоордун дагы бир маанилүү жагдайы бар. Шопоков шаарынын мэриясы компанияга ири жер тилкесин бөлүп берген. Маалыматка ылайык, жер тилкесинин аянты 8 гектардан ашык. Өз кезегинде компания 140 батирди шаардык мэриянын балансына өткөрүп берүүгө милдеттенме алган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул талаптардын аткарылышы боюнча реалдуу жыйынтык жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүгө ылайык, ушуга байланыштуу жарандардын ишеними жана каражаты менен мындай жоопкерчиликсиз мамиле кылууга жол берилбестиги белгиленди. Бул багытта атайын жумушчу комиссия түзүлдү. Комиссия чогултулган каражаттардын кыймылын, келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын, курулуштун реалдуу көлөмүн жана темпин, ошондой эле жер тилкеси боюнча талаптардын сакталышын толук жана так текшерет.

"Бул иш-чаралар муну менен чектелбейт. Эртең саат 14:00дө компаниянын башка объектинде жарандар менен жолугушуу өткөрүлөт. Элдин суроолору жеринде угулуп, так маалымат берилет. Маселе көзөмөлсүз калбайт.

Ошол эле учурда жарандарга кайрылуу жасалды. Белгиленгендей, өлкөдө буга чейин да кооперативдер жана курулуш компаниялары аркылуу миңдеген адамдар жабыркаган учурлар болгон. KG Group, «Көчмөн Сити» сыяктуу долбоорлордо да жүздөгөн, миңдеген дольщиктер жабыркаган. Бирок мамлекет четте карап турган эмес — объекттер мамлекеттин көзөмөлүнө алынып, учурда Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуш иштери улантылып жатат.

Ушуга байланыштуу жарандарга алдамчылыкка, «тез бүтөт» деген куру убадаларга жана күмөндүү схемаларга ишенбөө зарылдыгы эскертилди. Кайсы компания болбосун, анын документтерин, мүмкүнчүлүгүн, тарыхын жана жоопкерчилигин текшербей туруп каражат бербөө керектиги белгиленди.

Президенттин позициясы так, жарандардын укугу корголот. Элдин акчасын чогултуп алып, милдеттенмелерин аткарбаган аракеттерге мыйзам чегинде укуктук баа берилет. Бул маселе президенттин көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости