www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине 4 жыл толду. Бул убакыт аралыгында өлкө оор сыноолорду баштан кечирип, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачты", - бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Фейсбук баракчасына жазды.
Төмөндө Туманбаевдин сөзү өзгөртүүсүз берилди:
"2020-жылы өлкө эң оор учурду башынан өткөрүп жатканда президенттик кызматка киришти: пандемиядан кийинки экономикалык кризис, бөлүнгөн коом, саясатчылардын тиреши, жана дээрлик бош калган казына.
Кыргызстандын тышкы карызынын эң көп бөлүгүн төлөө мөөнөтү дагы ушул мезгилге туура келди.
Бюджет тартыш болуп, 30 жыл ичинде таланып-тонолгон мамлекетти кайра бутуна тургузуу өтө кыйын милдет эле. Ошондой шартта мамлекеттин консолидацияланган бюджети 247,7 миллиард сомдон 700 миллиард сомго жетти, ал эми ички дүң продукция (ИДП) 1,5 триллион сомдон ашты. Бул көрсөткүчтөр мамлекеттин экономикалык туруктуулугун гана эмес, келечекке болгон ишенимди да арттырды.
Кумтөр алтын кенинин мамлекетке кайтарылышы – Садыр Жапаровдун эң ири жетишкендиктеринин бири. Бул кенибиз 28 жыл бою чет элдик компаниялар тарабынан башкарылып, Кыргызстандын кызыкчылыгы толук эске алынган эмес. Кумтөрдү кайтарып алуу менен 1,174 миллиард доллар таза киреше бюджетке түштү. Бул каражат өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө жана маанилүү долбоорлорду каржылоодо колдонулууда.
Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон көп жылдык чек ара талаштары Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында ийгиликтүү чечилди. Кыргыз-өзбек чек арасынын такталышы коңшу мамлекеттер менен болгон достук мамилелерди чыңдап, эки тараптын экономикалык жана маданий байланыштарын бекемдөөгө шарт түздү. Бул маселелерди чечүү аркылуу тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуудагы маанилүү кадам жасалды.
Кылымдын долбоору аталган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу өлкөнүн логистикалык хабга айлануусуна шарт түзөт. Бул долбоор аяктаганда, Кыргызстандын транзиттик потенциалы кыйла өсүп, соода жана экономикалык байланыштар кеңейет.
Энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылуу максатында “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу башталды. Бул долбоор ишке ашкандан кийин өлкө электр энергиясын экспорттой турган даражага жетип, энергетикалык коопсуздукту камсыздайт.
Жапаровдун жетекчилиги астында жүздөгөн мектептер, бала бакчалар жана социалдык мекемелер курулду. Элдин жашоо шартын жакшыртуу максатында медициналык инфраструктура жаңыланып, Кыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу операциялары ийгиликтүү жүргүзүлө баштады. Бул медицина тармагындагы тарыхый жетишкендиктердин бири болду.
Коррупцияны жоюу жаатында ири кадамдар ташталды. Ири мамлекеттик ишканалардагы коррупциялык схемалар жоюлуп, айрымдары мамлекетке кайтарылды. Мамлекеттин каржы булактарын натыйжалуу пайдалануу өлкөнүн экономикасын бекемдөөгө шарт түздү.
Кыргыз армиясы заманбап техникалар менен камсыздалып, коргонуу күчү артты. Бул өлкөнүн коопсуздугун чыңдоого жана чек аралардагы туруктуулукту сактоого жардам берди.
Мен ар бирин санап өткөн жокмун, айрымдарын гана мисал келтирдим. Бул жетишкендиктерди ишке ашыруу оңой болгон жок – тоскоолдуктар, бут тосуулар жана кыйынчылыктар арбын болду. Бирок мамлекет башчысы жана анын командасы алдына коюлган максаттардан баш тартпай, оор мезгилде өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бардык күчүн жумшады.
Бул жетишкендиктер өлкө келечегине ишеним жаратып, кыргыз элинин биримдигин жана стабилдүүлүгүн сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү.
Урматтуу Президент,
Сиз менен чогуу иштеп, командаңыздын бир бөлүгү болуу мен үчүн чоң сыймык жана тарыхый мүмкүнчүлүк. Сиздин жетекчилигиңиз астында өлкөбүзгө маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келип жатканыбызды көрүү – мен үчүн өзгөчө сыймыктуу жана жоопкерчиликтүү иш", - деди Каныбек Туманбаев.