www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы саясатта жана башкаруу чөйрөсүндө эң маанилүү талап, чечимди ыкчам кабыл ала билүү жана натыйжалуу жыйынтык көрсөтүү болуп саналат. Замандын талабы ушундай. Дал ушул шартка, талапка жооп бергидей сапатка эгедер жетекчилер санаалуу болот. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мына ошондой кадрлардын бири катары таанылды.
Ырасында, Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусунда КР президенти Садыр Жапаровго тирек болуп, өлкөдөгү социалдык, экономикалык жана чарбалык маселелерди ыкчам, тез чечип жаткан жетекчилердин бири катары Каныбек Туманбаев көрүнүктүү орунда турат.
Ал коомдогу талкууланып жаткан көйгөйлөрдү жеринен чечип, алдыга жылдырып, сын-пикирлерге төшүн тосуп, калканыч болуп берип жаткан жетекчи катары коомдун көзүнө түштү.
Туманбаевдин эң негизги мыкты сапаты – кайсы гана маселе болбосун, аны аягына чыгарган жетекчи катары уюштуруучулук жөндөмүн, менеджерлигин далилдей алгандыгы. Башкача айтканда, ал чечимди ишке ашыруу жолун түзүп, жооптуу адамдарды аныктап, практика жүзүндө натыйжа көргөзүп, иштин жемишин, үзүрүн көрсөтүүгө жөндөмдүү. Бул мамлекеттик башкаруунун эң кыйын, эң маанилүү функциясы. Анткени мамлекеттик механизмде көп учурда жакшы ниетте башталган долбоорлор аягына чыкпай калган учурлар болот. Туманбаевдин башкаруусу бул оор түйшүктү жеңип, маселени жыйынтыкка жеткирүү менен мүнөздөлөт.
Албетте, натыйжанын көрүнүп турушу үчүн материалдык жана экономикалык көрсөткүч керек. Бул жагынан ал өзүнө караштуу ишканаларды өнүктүрүүдө чоң ийгиликке жетишти. “Учкун” мамлекеттик ишканасы, Мамлекеттик ипотекалык компания, “Кызмат” мамлекеттик мекемеси, курорттук-санаторийлер, пансионаттар, Мамлекеттик “Ала-Арча” сыяктуу эс алуу жайларынын гүлдөп, дүркүрөп өсүп жатканы буга далил десек аша чапкандык болбойт. Учурда бул объекттер – мамлекеттин өз ресурстарын эффективдүү пайдалануу, туризм жана эс алуу секторун өнүктүрүү, бюджетти бекемдөө, жана айрыкча коомдук ишенимди күчөтүү багытында аткарылып жаткан иштин көрүнүктүү натыйжасы.
Арийне, Туманбаевдин күнү-түнү тынбай иштин үстүндө жүргөн чарбачылдыгы, президентке чындап “канат-бутак” болуп жатат. Бул мамлекеттин башкаруу системасындагы ылдамдыкты, жоопкерчиликти жана натыйжалуулукту көрсөтүүчү жандуу мисал. Ал – кайсы гана объект болбосун, аны көрүп, аныктап, иштеп, өнүктүрүп, натыйжа чыгарып жаткан, командада өзгөчө салмагы бар, президенттин бирден-бир ишенген адамы.
Бирок, канткен менен иш бар жерде кемчилик болбой койбойт. Бирок Туманбаев сын-пикирден качпай, көйгөй жаралаган жерге барып эл менен бетме-бет жолугушуп, мамлекеттик деңгээлдеги сындарга туруштук берип, реформаларды жасоого батыл киришип жатат. Бул анын жоопкерчиликтен качпаган сапатын чагылдырат.
Чындыгында Каныбек мырза башкаруунун ыкчам, натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү болушуна жан үрөп жыйынтык көрсөткөн саналуу жетекчилерден экенин айтып коюу парз. Мына ушундай жетекчи мамлекет үчүн баалуу, коом үчүн ишенимдүү жана мамлекеттик башкаруу үчүн жаңы стандарт болуп саналат.
Албетте, өлкөнүн экономикасын, социалдык тармагын, инфраструктурасын, ички жана тышкы саясатты бирдиктүү системага салып, ыкчам жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу — жогорку жоопкерчиликти, терең билимди жана бекем уюштуруучулук жөндөмдү талап кылган татаал процесс. Башкаруу — бул жөн гана тапшырма берүү эмес, тескерисинче, стратегиялык пландоону жүргүзүү, тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, иштин аткарылышын көзөмөлдөө жана коюлган максаттарды натыйжалуу ишке ашыруу.
Бул сапаттар Каныбек Туманбаевдин ишмердүүлүгүндө айкын көрүнүп, ал өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жогорку деңгээлде аткарып жатканын коомчулук да оң баалап келет. Анын системалуу иш алып баруусу мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатууга багытталган туруктуу жана максаттуу аракеттердин үлгүсү болуп саналат.
Мамлекеттик кызматтагы жана саясий ишмердүүлүктөгү жол, адатта, сын-пикирлер менен башталып, ийгиликтер менен коштолот. Мындай процесстерге туруштук берүү бир жагынан оңой көрүнгөнү менен, экинчи жагынан олуттуу чыдамкайлыкты талап кылат.