www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бүгүн, 23-январда айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, автотранспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо боюнча мамлекеттик борбордо («Унаа») пландан тышкары текшерүү жүргүзүп, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө автотранспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу, жарандарга көрсөтүлүп жаткан кызматтардын уюштурулушу, ошондой эле коопсуздук талаптары каралды.
Президенттин иш башкаруучусу эски үлгүдөгү, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдө жарандардын 20–30 жыл мурдагы сүрөттөрү колдонулуп жатканын белгилеп, мындай документтер жаранды так аныктоону кыйындатарын айтты.
Ошондой эле эски айдоочулук күбөлүктөрдүн коргоо элементтери жетишсиз болуп, аларды жасалмалоо оңой экени, бул болсо коопсуздукка түз коркунуч жаратарын белгиледи.
Мындан тышкары, эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр чет мамлекеттерде мыйзамдуу документ катары таанылбай турганы, башкача айтканда, эл аралык деңгээлде легалдашпаганы белгиленди. Ушуга байланыштуу мамлекетте так тартип болушу керектиги, ал эми документтер заманбап талаптарга жооп бериши зарыл экени баса белгиленди.
Ушул максатта Президенттин иш башкаруучусу айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана автотранспортту каттоо багытында санариптештирүүнү өнүктүрүү, санарип кызматтарды кеңейтүү жана маалыматтарды толук жаңылоо боюнча жетекчиликке конкреттүү тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2026-жылдын 15-январынан 21-январына чейин:
• онлайн форматта — 46 431 арыз,
• офлайн форматта — 32 528 арыз кабыл алынган.
Жалпысынан 78 959 арыз катталган.
Бул көрсөткүч жарандардын бул маселеге олуттуу көңүл буруп жатканын жана кызматка болгон суроо-талап жогору экенин айгинелейт.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө тартипти күчөтүү, коопсуздукту камсыз кылуу жана санарип чечимдерди ырааттуу киргизүү зарылдыгы белгиленди.