www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Түндүк электр" электр энергиясын колдонууда кубаттуулукка чектөө киргизди. Бул тууралуу аталган ачык акционердик коомдун маалымат кызматынан кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бир фазалуу колдонуучуларга 5 киловаттык, ал эми үч фазалууларга 10 киловаттык чектөө коюлду.

"Суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн жана жарыкты пайдалануудагы чектөөнү сактоо максатында бир фазалуу колдонуучулардын эсептегичтерине беш, үч фазалууларга он киловаттык чек коюлду", — деп жазылат маалыматта.

Буга байланыштуу аталган мекеме жарандарды электр жабдууларын кубаттуулугун карап колдонууга жана үнөмдөөгө үндөгөн.

"Түндүк электр" Бишкектеги, Чүйдөгү жана Таластагы абоненттерди тейлейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости