www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Түндүк электр" ишканасы абоненттерди пайдаланган электр кубаты үчүн төлөмдү өз убагында төгүүгө чакырып, болбосо 16-ноябрдан тарта өчүрүлө турганын эскертти. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирүү таратты.

"Ишканага Бишкек шаарында 4600дөн ашуун абонент 12,1 миллион сом карыз, эгер алар убагында төлөбөсө автоматтык маалыматтык-өлчөөчү система аркылуу электр энергиясы өчүрүлөт", — деп кабарлады.

Элдин ыңгайы үчүн "Түндүк электр" тиркемеси, андан сырткары, компаниянын сайтындагы "Абоненттин балансы" деп аталган бөлүм күнү-түнү иштейт. Ал жерден абоненттер эсеп-кысабын билип алса болот. Буга кошумча, аталган компаниянын телефон чалып билүү кызматы 1209 жана (0551) 00-12-09 (WhatsApp) номерлери менен маалымат берет.

Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (касса-24), MegaCom, "О!", "Оңой" төлөө терминалдары, анын ичинен "О!", MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктар аркылуу төлөсө болот. Ошондой эле "РСК банк", "Керемет банк", "ДосКредоБанк", "Бакай банк", "Кыргызстан", "Халык банк", КICВ жана "Оптима банктын" кассалары да кабыл алат. Эгер кааласаңыз "Кыргыз почтасы" аркылуу төлөй аласыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости