www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Казакстан облусунун Магжан Жумабаев районунда куш тумоосу жайылууда. Бир апта ичинде миңден ашык үй канаттуусу кырылган Лебяжье айылында карантин жарыяланды.

«Куш тумоосу» диагнозу Ветеринария боюнча улуттук референт борборунда жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында ырасталды. Эпизоотологиялык изилдөө - тумоо үй канаттууларына көлмөдөгү жапайы куштардан жукканы аныкталды», - деди облустук акимчиликтин Ветеринария башкармалыгынын башкы адиси Нариман Тасболатов.

Анын айтымында, вирустун бар-жоктугун текшерүү үчүн коңшу айылдардан да үлгүлөр алынып, лабораторияга жөнөтүлдү.

Түндүк Казакстан облусунун бийлиги куш тумоосунун алдын алуу үчүн быйыл 1,2 миллион доза вакцина сатып алган. Алардын 1,5 миңден ашыгы Лебяжье айылындагы канаттууларга сайылган.

2020-жылдын аягында жогорку патогендүү куш тумоосунан улам аймакта 1,5 миллиондон ашык куш кырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости