www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачарчылык коркунучуна кабылган Түндүк Корея Айыл чарба министрлигинде ревизия жасады. Бул тууралуу ТРТ.нет билдирет.

NK News сайтынын кабарына караганда, Түндүк Кореянын Жумушчу партиясынын расмий маалымат органы Родонг Синмунда жарыяланган кабарда Жогорку Элдик Ассамблеянын (SPA) туруктуу комитетинин 21-январда айыл чарба саясатынын өзгөрүшү боюнча чечим кабыл алынганы белгиленди.

Ал ревизияга ылайык, өлкөнүн Айыл чарба министрлиги азык-түлүк саясатына артыкчылык берип, Айыл чарба комиссиясы болуп өзгөртүлгөн. Текшерүү үчүн жоопкерчилик да министрлер кабинетине жана «тиешелүү уюмдарга» жүктөлгөн.

Коронавирустун жаңы штаммынын (Ковид-19) эпидемиясынан жана 2020-жылдын аяк ченинде болгон сел кырсыктарынан улам киргизилген чектөөлөрдүн терс таасиринен Түндүк Корея азык-түлүк тартыштык коркунучунда экени белгиленди.

2021-жылдын 22-октябрында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Түндүк Корея боюнча адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Томаш Ожеа Кинтана ачарчылык коркунучунан улам Түндүк Кореяга киргизилген айрым санкцияларды жеңилдетүүгө чакырды.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын эпидемиядан улам көрүлгөн катаал чараларынын өлкөнү изоляцияга салганын жана элдин негизги муктаждыктардан куру калганын белгилеген Кинтана, чек аралар жабык турган сайын ачарчылык коркунучу күчөй турганын эскертти.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын өзөктүк программасынан улам 2006-жылдан бери ага экономикалык жана аскердик санкцияларды киргизген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости