www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12-февралда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндөгү макулдашуу долбооруна (Борбор Азиядагы регионалдык жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы долбоору) макулдук берүү маселеси каралды.
Аталган маселе боюнча КР транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов баяндама жасады. Анын маалыматына ылайык, «Борбор Азиядагы регионалдык жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы» Казакстан менен транспорттук байланышты жакшыртууга, Ысык-Көл облусундагы туризмди туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.
3-фазанын алкагында «Түп – «Каркыра көзөмөл өткөрүү пункту» унаа жолунун 39-76 чакырымдагы тилкеси жана Каркыра капчыгайындагы туристтик лагерге алып баруучу жолду (15 км) реабилитациялоо, ага керектүү жабдууларды сатып алуу, КР Жарандык авиация агенттигинин учуу коопсуздугун көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана И.Абдраимов атындагы авиация институтунун мүмүнчүлүгүн жогорулатуу максаттары коюлган.
Долбоордун суммасы 55 млн АКШ доллары. Анын жарымы - грант, жарымы – кредит. Насыяны төлөө мөөнөтү – 38 жыл. Жеӊилдетилген мөөнөт – 6 жыл. Пайыздык коюм – 0, 75.
Талкуу жүрүшүндө комитет мүчөлөрү Түп – «Каркыра көзөмөл өткөрүү пункту» унаа жолун (Түп-Кеген) реабилитациялоону колдоорун айтып, бул жолдун экономикалык маанисин баса белгилешти. Ал эми Каркыра капчыгайындагы туристтик лагерге алып баруучу жолду (15 км) реабилитациялоого жана туризсттик базаларды салууга кетүүчү каражат өзүн-өзү качан, кантип актаары боюнча бир катар суроолор жаралды.
Жыйынтыгында Ысык-Көл облусундагы туризмди туруктуу өнүктүрүүгө багытталган маселеге макулдук берүү чечими кабыл алынды деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews