www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Каза болгон жарандарыбыздын арбагын сыйласак, ынтымакка келип, жетекчилерди күнөөлөбөй моралдык, психологиялык жактан колдоп турушубуз керек», - деди 7-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турат Мадылбеков.

- Турат агай, Адахан Мадумаровдун кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын чыгышына тийешеси бар, ал койгон протоколду тажиктер юридикалык күчкө ээ болгон документ катары кабылдашат деген маалыматтар байма-бай айтыла  баштады. Бирок, Мадумаров чек арадагы согуштун чыгышына «бийликте турган азаматтар күнөөлүү» деген ойду кыйытты. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Адахан Мадумаров Бакиевдин, Акаевдин убагында бийликтин туу чокусунда жүрдү. Мамат Айбалевдин айтканы туура болсо, Мадумаров Баткендеги согуштун күнөөкөрү болуп калышы да мүмкүн. Азыр Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди сындай турган, аларга доомат коё турган мезгил эмес.

Андан көрө жабыркап жаткан адамдарга жардам берип, талкаланган имараттарды калыбына келтирип, элдин көз жашын аарчышыбыз керек. Ошондой эле, жаракат алып, дарыланып жаткандарга жардам беришибиз керек. Бийликке болгон дооматыбызды убакыт өткөндөн кийин айтсак туура болот. Азыр сындаша турган учур эмес.

- Бири-бирибизге доомат коё бергенибиз туурабы же протоколго кол койгондордун кесепети согушка жеткирген болсо, ал маселе да эске алынышы керекпи?

- Негизи депутаттык комиссия түзүп, ошолор кайсы чиновниктин күнөөсү канчалык экенин иликтеп, анан корутунду чыгарышы керек. Ошондой эле, саясатчылар популисттик сөздөрдү айтуудан оолак болуп, элди козутпай ынтымакка чакырышыбыз керек.

Эң негизгиси чоң трагедия болуп турганда бири бирибизди күнөөлөөдөн мурда тажиктердин агрессордук кадамын согуш катары баалашыбыз зарыл. Ошон үчүн кыргыз эли ынтымакта болуп, эл аралык коомчулукка билдирип, эл аралык уюмдарды чакырып, тажиктерди жоопко тартууну суранып, далилдерди көрсөтүп беришибиз керек.

Тагыраагы, бири-бирибиз менен жулмалашып отурбастан, чек арага биздин территорияга кирип келип, жарандарыбызды өлтүрүп, барымтага алып, уурдап, тоноп мародёрчулук кылып, бир топ кылмыштын түрлөрүн жасаган тажик аскерлеринин керек болсо, афганистандан келген тажик улутундагы адамдарды таап, далилдеп беришибиз керек.

Ошондой эле, дүйнө жүзүн Эмамоли аскердик кылмыш жасады деп кабардар кылышыбыз зарыл. Каза болгон жарандарыбыздын арбагын сыйласак да, ынтымакка келип, жетекчилерди күнөөлөбөй моралдык, психологиялык жактан колдоп турушубуз абзел. Бул окуя боюнча Мамлекеттик комиссиябы же депутаттык комиссиябы түзүп, эл аралык уюмдардан да комиссия түздүрүп, тыкыр иликтетишибиз керек.

Кыскасы, тажиктин президентинен согушта кошо жүргөн губернаторуна чейин жоопко тарттырышыбыз зарыл. Ошондой эле, чек арадан өтүп, согуш жасай турган болсоңор аскер трибуналына чейин чакырылып, азабыңарды жейсиңер дегендей түр көрсөтүшүбүз керек.

Кыскасы, алар жазаланмайын биздин жарандарыбыздын каны аларды эч качан кечирбейт экенин эстен чыгарбашыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости