www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын башынан бери Кыргызстандын тарых музейинин ишине консультант катары андагы экспозицияларды жайгаштыруу, тарыхый тексттерди туура түзүү иштерине аралашып келем. Тарыхчы катары музейдин курулуш тарыхына, аны куруудагы Турдакун Усубалиевдин эмгегине токтолууну туура көрдүм. Кезинде Ленинге арналып курулган музейдин экспозициясын Кыргызстандын байыркы доордон азыркы мезгилге чейинки тарыхын чагылдырган 100 миңден ашуун экспонаттардан турган экспозициялар менен алмаштырууга музейдин кызматкерлери, Президенттик Аппараттын, Өкмөттүн, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кызматкерлери баа жеткис кызмат өтөштү.

Өткөн жылы музейдин кызматкерлери Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү 31-августта музей ачылат деп экспозицияларды дагы бир жолу кароодон өткөрүү максатында тарыхчыларды, маданият кызматкерлерин, коомчулуктун өкүлдөрүн чакырышкан. Кыргызстандын таш доорунан берки тарыхын чагылдырган “Эң байыркы жана байыркы Кыргызстан”, “Кыргызстан орто кылымдарда”, “Кыргызстан XVI–XIX-кылымдардын ортосуна чейин”, “Кыргызстан совет доорунда” деген бөлүмдөрдүн экспозициялары каралды. Кезек Кыргызстандын совет доорундагы тарыхын чагылдырган экспозицияларга да жетти. Советтик Кыргызстанды 1950-1960 жылдары жетектеген Исхак Раззаковдун ишмердигин чагылдырган экспонаттар кеңири коюлуп, ошол мезгилдин саясий-экономикалык, маданий турмушун жакшы чагылдырганы эксперттер курамына жакты. Ал эми Кыргызстанды 1961-1985-жылдары жетектеген Турдакун Усубалиевге арналган экспонаттар аз жана жупуну экени ачык көрүндү. Эксперттерге кайрылып, эки улуу инсанга арналган экспозицияны теңдеп, экөөнө бирдей аянтча бөлүүнү сунуштадым.

Ошол учурда эксперттердин катарындагы, республикага белгилүү тарыхчылардын бири: “Усубалиевди Раззаковго теңөөгө болбойт, ал Раззаков кургандардын баарын талкалаган, керек болсо Усубалиевге музейден орун бербеш керек”, - десе болобу. Уккан кулагыма ишенбей, аны карасам өңү бузулуп алыптыр... Ошондон бери мен сыйлаган, ал тургай калемдеш болуп окуу китептерин жазышып жүргөн кесиптешимдин ошондогу сөзүнө ишенип-ишенбей келем. Макаланын жазылышына анын сөзү түрткү болду окшойт.

Эмнегедир элдин ичинде совет доорунда кыргыз тилинин өнүкпөгөнүнө Турдакун Усубалиев күнөөлүү деген пикир бар. Өз мезгилинде Исхак Раззаков орус мектептерине кыргыз тилин окутууну киргизсе, Турдакун Усубалиев бийликке келээри менен алдырып салган дешет. Албетте, муну уккан карапайым эл Усубалиевди кыргыз тилинин душманы катары эсептээри бышык. Мындан улам сөздүн төркүнүн тактоо үчүн архивдик тарыхый документтерди карадым. 1954-жылдан баштап Кыргызстандагы орус тилдүү мектептерде кыргыз тилин окутууга көңүл бурулуп, муну бекемдөө үчүн 1958-жылы 18-августта Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитети менен Кыргыз ССРинин Министрлер Совети “Республиканын орус тилдүү мектептерине кыргыз тилин окутууну киргизүү жөнүндө” токтом кабыл алган. Ага ылайык 1958-1959-окуу жылынан баштап орус тилдүү мектептерде жумасына эки сааттан кыргыз тилин милдеттүү окутууну киргизүү каралган. Бул документке Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Исхак Раззаков, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары В.Стёпкин кол коюптур. Бирок, 1959-1960-окуу жылында эле муну жокко чыгарган экинчи токтом кабыл алынып, ага Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин секретары кызматында иштеп калган В.Стёпкин, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы К.Дыйканбаев кол коюптур. Ал кезекте Т.Усубалиев биринчи секретарь кызматында эмес эле. А орус тилдүү мектептерге кыргыз тилин окутуунун киргизилишине, алынып ташталышына Т.Усубалиевдин тиешеси жок. Буга И.Раззаковдун кыргыз тилин өнүктүрүү жөнүндөгү саясатынын Москвага жакпай калышы себеп болушу толук ыктымал. Раззаков Кыргызстандын өз алдынчалыгын кеңейтүүгө кылган аракети, улутчулдугу үчүн кызматтан алынганы белгилүү. Кыргыз тилине байланыштуу жогорудагыдай чындыкка дал келбеген пикирлерге тарыхчылар жол бербешибиз керек. Анткени, бул тарыхый чындык.

Музейдин курулуш тарыхын Турдакун Усубалиевдин өз оозунан укканым бар. Аны менен өмүрүнүн акыркы жылдарында 3 жолу кеңири маектешкен элем. Ошол 3-4 саатка созулган маектешүүлөрдөгү орчундуу ойлорду кийинки макалаларда да улантсам деген ойдомун. Бир жолугушууда сөз музейдин курулушунун таржымалы жөнүндө болгон.

“Тарыхчы катары ошол кездеги саясатты жакшы билесиң, - деп баштаган Турдакун Усубалиев. Анан бир аз ойлонуп: - “Ал кезде республикалык орчундуу маселелер КПСС Борбордук Комитетинде, СССРдин Өкмөтүндө, Союздук органдар тарабынан чечилчү. Алардын макулдугусуз өз алдынча чоң курулуштарды курууга катуу тыюу салынган”, - дейт Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген Турдакун Усубалиев. 1970-жылдардын аягында Кыргызстандын борбордук аянтын куруу маселеси жөнүндө көп ойлонгонун, орчундуу маселени чечүү үчүн Москваны ынандыруунун, макулдук алуунун жолдорун издегенин айткан эле. Акыры борбордук аянтты куруу планын ишке ашырууга кыргыз элине эркиндик, мамлекеттүүлүк алып берген Владимир Ильич Лениндин ысымын пайдалануу керектигине токтолгом, - деп жумшак жылмайган. Ал Лениндин ысымын пайдаланып, биринчи кезекте КПСС БКнын башкы секретары Л.И.Брежневдин макулдугун алуу керек эле. Адегенде Борбордук аянттын планын дыкаттык менен иштеп, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинде бекиттик. СССРдин жогорку бийлигинин көңүлүн буруу үчүн Борбордун көрүнүктүү жерине В.И.Лениндин эстелигин орнотуп, анын арт жагына Лениндин Москва шаарындагы Борбордук музейинин филиалын курууну пландаганбыз.

Мындай тактиканы колдонбосок, биздин борбордук аянт куруу жөнүндөгү максатыбыз ишке ашмак эмес, - деп күлгөн эле ошондо Турдакун Усубалиев.

Ал максатты ишке ашыруу оңойго турбагандыгын, КПСС БКнын кезектеги Пленумдарынын биринен кийин Л.И.Брежневдин кабыл алуусунда болгонун, бул жолугушууда сөздү борбордук аянт куруудан эмес, Фрунзеде Москвадагы В.И.Лениндин Борбордук музейин курууга уруксат суроодон баштаганын, бул музей эл достугун чыңдоого, элди интернационалдык рухта тарбиялоодо чоң роль ойноорун айтып, айнып кетпесин деп, музей толук бойдон республикалык бюджеттин эсебинен курулат деп баса белгилегенин айткан эле. Ошол жолугушууда Л.И.Брежнев Турдакун Усубалиевдин сөзүнө ынанып, сунуш жакканын, бул сунушту талкуудан өткөрүү ишин КПСС БКнын секретары К.У.Черненкого тапшыраарын айткан экен. “Муну укканда мен ичимден кымыңдап сүйүндүм эле”, - дейт Турдакун Усубалиев. Анткени ал К.Черненко менен КПСС БКнын аппаратында коңшу кабинеттерде он жылдай чогуу иштеп, өтө ысык мамиледе экен. Л.И. Брежневден чыгып түз эле К.У.Черненкого кирип иштин жайын түшүндүрсө, ал бул ишти оң жагына чечилишине жардам берем дептир. Көп узабай эле 1981-жылдын май айында К.Черненконун колу менен Фрунзе шаарында В.И.Лениндин Москвадагы музейинин филиалын куруу жөнүндө КПСС БКнын Секретариатынын токтому чыгыптыр.

“Ошондогу кубанычыбызды айтпа, - дейт Турдакун Усубалиев. Демилгени колдогону үчүн Л.И.Брежневге ыраазычылык кат жөнөтүп, анда музейдин сметалык баасы 5 млн рубль тураарын белгилеп, СССРдин Мамлекеттик пландоо комитетинин 1982-жылдагы курулуш боюнча планына киргизүүнү өтүнөт. Ошол эле катта Фрунзе шаарында В.И.Ленин атындагы китепкана курулганы жатканы, анын баасы 2,9 млн рублди түзөөрү жазылып, планга киргизип берүүнү сураныптыр. Бир катар талкуулардан кийин Кыргыз ССРинин жетекчилигинин сунуштары жактырылып, Фрунзеде В.И.Ленинге эстелик орнотууга, В.И.Лениндин Борбордук музейинин филиалын жана Ленин атындагы борбордук китепкананы курууга уруксат берилип, планга кирип, бул ишти Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Коммунисттик партиясынын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгы белгилене турган 1984-жылга карата бүтүрүү жөнүндө СССР Министрлер Советинин чечими чыгат.

Ушундан кийин В.И.Лениндин музейинин филиалын, анын шарапаты менен Кыргызстандын борбордук аянтын куруу иши чоң шыктануу менен башталат. Бул имараттардын курулушун Т. Усубалиев өтө тыкыр көзөмөлдөгөн. Ал ошол жылдары иш убактысынын көбүн кабинетинде эмес, курулуш жүрүп жаткан жерлерде өткөргөн. Курулушчулар аны өздөрүнчө “прораб” деп атап алышкан экен. Бул масштабдуу иш аяктап калганда Москвадан курулуш иштерин токтотуу жөнүндө кабар келет. Буга СССР Министрлер Советине Кыргызстандан барган тоголок кат себеп болуптур. Бул катта Кыргызстан үчүн “күйгөн” бирөө (анын ысымын эскербей эле коёлу): “Фрунзе шаарында турак жай жетишпей жатса,

Т.Усубалиев шаардын борбордук бөлүгүндө жаңы эксплуатацияга берилген төрт кабаттуу үйлөрдү буздуруп, В.И.Лениндин музейин курам деген шылтоо менен чоң аянт салдырып жатат. Эмгекчилерге курула турган турак жайдын акчалары аянт курууга чыгымдалууда. Турдакун Усубалиевдин бул кылмыштуу ишин токтотуп, жоопко тартуу керек”, - деп жазыптыр. Тоголок каттын кесепетинен кызуу жүрүп жаткан иш кадимкидей солгундаган. Турдакун Усубалиев ошол кездеги Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы А.Дүйшеев экөө СССР Министрлер Советинин төрагасы Н.А.Тихоновго, андан кийин КПСС БКга кат жазышат. Анда КПСС БКнын 1981-жылдагы токтому боюнча В.И.Лениндин Борбордук музейинин филиалы Фрунзе шаарында курула баштап, азыркы учурда имарат толук тургузулуп, чатыры жабылганы, эми негизинен жасап-түзөө иштери гана калганы, бул иш үчүн Кыргызстандан чыккан гранит, мрамор таштары пайдаланылаары, аларды иштетүү үчүн таш заводу бар экендиги, филиалды курууга республикалык бюджет сарпталып жатканы, турак жай курулушу план боюнча жүрүп, үзгүлтүккө учурабаганы, республиканын эмгекчилери музейдин курулушун чоң ынтызарлык менен колдоп, ишембиликтерди уюштуруп, акча каражаттарын которуп жатканы, бул курулуштун тарбиялык мааниси өтө чоң экендиги баса белгиленген. Аракет үзүрүн берип, СССР Министрлер Совети филиалды курууну токтотпой, улантуу жөнүндө атайын чечим кабыл алган. Ошентип, 1981-жылдын октябрь айында башталган курулуш 1984-жылы октябрда Кыргыз ССРинин жана Кыргызстандын Компартиясынын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата бүткөрүлүп, чоң окуя катары салтанаттуу ачылган.

Жыйынтыктап айтканда, Турдакун Усубалиевдин өжөрдүгү болбосо кыргыз элинин сыймыгы болгон борбордук Ала-Тоо аянты 1980-жылдары курулмак эмес. Эгемендүүлүктүн өткөн жылдарында мындай аянтты кура алат белек? Бул да чоң маселе. Ошол кезде курулган кубаттуу ГЭСтерди, 150дөн ашуун завод-фабрикаларды, жол курулушундагы, социалдык, маданий турмуштагы жетишкендиктерди айтпаганда да Турдакун Усубалиевдин “Ала-Тоо” аянтын куруудагы эмгегин татыктуу баалоого милдеттүүбүз.

Өскөн ОСМОНОВ,  тарых илимдеринин доктору,  профессор

Булак: NazarNews.kg

Последние новости