www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент шаарында өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп, качып издөөдө жүргөн Өзбекстандын жаран чек араны бузуп өтүп, 2016-жылдан бери Баткен облусунунун аймагында өзүнө легенда түзүп аты-жөнүн өз алдынча өзгөртүп Кошоков Бекболот ысымдуу болуп, үй-бүлө курууга жетишип жашырынып жашап жүргөн. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБнүн баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана 10-бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышкер Кызыл-Кыя шаарынан кармалган. Тиешелүү иштер жүргүзүлгөндө, кармалган жаран 1983-жылы туулган Аббосов Сайдуллахон экендиги аныкталды.

Аббосов Сайдуллахон 2010-жылы Өзбек Республикасынын аймагында зордуктоо, адам өлтүрүү жана каракчылык беренелери менен жоопко тартылып, жазасын өтөп жатып 2016-жылы Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын Исмат-Какыр айылы аркылуу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай районунун аймактарында жашырынып жашап жүргөн жеринен кармалып, чек араны мыйзамсыз бузуп өтүү менен катталып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Ал эми чогултулган материалдар УКМКга өткөрүлүп берилди.

Азыркы күндө бул жарандын үстүнөн Кызыл Кыя жана Кадамжай шаарынын бир нече тургундары арызданып, анткени “Кошоков Бекболот” эл ишенимине кирип жалпы 300 миң сомго алдап жүргөнү аныкталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости