www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки миллион сом пара менен кайрадан дыгы бир Бишкек шаарынын чиновниги кармалды. Ага көмөкчү болгон жардамчысы дагы бар. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендерге таянсак, Бишкек мэриясынын бөлүм башчысы, бир эле учурда муниципиалдык жана мамлекеттик кызматтардын жетекчилеринин ролун аткарган.

Тагыраагы, алардын кол тамгаларын өзү коюп келген. Маалыматта айтылгандай, бөлүм башчы жасап жаткан иш-аракеттери мыйзамсыз экенин билсе дагы, жерди бир категориядан башка бир категорияга которууга аракет жасаган. Ал Калыс-Ордо конушунан 7,2 гектар жер тилкени бөлүп берүү үчүн 2 миллион сом ала коюп чекистердин колуна түшүп олтурат. Бул факт боюнча бөлүм башчы А.Н. жана анын жардамчысы С.А. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул ишке тиешеси бар дагы башкаларды аныктоочу иш-чаралар жүрүп жатыптыр.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости