www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку президенттин кызы Алия Шагиева Инстаграмм баракчасы аркылуу өз ойлору менен бөлүшүп келет. Мунусунда ал окурмандарына кеңеш айтып кетиптир.

Төмөндө аны толугу менен беребиз:

“Учурда мага өтө зарыл болуп турган жана буларды мен дайыма эске тута жүргөн принцип жана кеңештер менен бөлүшүүнү каалайм. Мүмкүн бул кимдир бирөөлөр үчүн да маанилүү болоттур, кубанычта болом)

1. Күнөөң жок болсо, актанба. Айрыкча, сени адамдар сатып кетүүгө аракет кылган учурларда. Бул кадамы менен алар өздөрүн өздөрү сатып кетти.

2. Дүйнөдөн жана адамдардан жашынба. Кандай болгон күндө деле, эч ким жакшы да эмес, жаман да эмес – ар бири өзүнүн ролун, миссиясын аткарып жатышат. Кандай болгон күндө деле, дүйнө катаал эмес – ал сени күчтүү, акылдуу кылып алдыга жылдырып жатат.

3. Жакшы эч качан жамандан аз болбойт. Баары эмнеге көңүл бурганыңдан көз каранды. Эгерде кандайдыр бир нерсе кыйнап жатса, абстракцияла, ошону менен эле кайнай бербе жана артка кара: дал ушул тапта сенин айланаңда сен көнүп калган жүрөктө сактала турчу жана жакшылыктуу нерселер бар. Адам жакшы нерсеге караганда ооруксунууга курчураак мамиле кылат, биздин жаратылышыбыз ушундай. Сенин өз эркиң бар жана сен абалыңды, аны менен жагдайыңды өзгөртө тургандай өзүңдүн көңүлүңдү башкарууну үйрөнө аласың. Баары өзүңдүн колуңда.

4. Эч нерсе түбөлүктүү эмес. Эч нерсе түбөлүктүү эмес. Эч нерсе түбөлүктүү эмес. Ойлон жана “Азыр” деген учурду кара. Жакында бул учур сен ыраазы боло турган эскерүү болуп калат. Баардыгы кандайдыр бир нерсе үчүн керек жана баардыгы өтүп кетет”. 

Баса, Алия жолдошу менен ажырашып кетиптир деген сөздөр тарап кеткен. Ал тургай күйөөсүнүн эмне үчүн жана кандай максатта үйлөнгөнү тууралуу да узун сөздөр бар. Ал эми мурунку президенттин эрке кызы өзү бул тууралуу айта элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости