www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык депутат 16 жаштагы швециялык экоактивист Грета Тунбергди издеп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, экологиядагы көйгөйлөрдү эмоциялуу сөздөр менен айтып келгени менен дүйнөгө белгилүү Грета Тунберг Орусия парламентинин төмөнкү палатасында да мына ошентип сүйлөп калышы мүмкүн. Анын наамына депутат Василий Власов кат жөнөткөн.

Депутат Швециянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кат жазып, өзүндө Тинтин Элеонора Эрнман Тунбергдин жашаган так дареги жок болгондуктан, чакырууну аларга жөнөткөнүн билдирген.

24 жаштагы Василий Власов атактуу жаратылыш коргоочусу орусиялык жаштар менен оңой түшүнүшүп кетмек деген ойдо. Грета Тунберг көтөрүп жаткан темалар Орусиянын жаш муундарын да түйшөлтүп келет.

Думанын эң жаш депутаты экоактивистке ал өзү каалаган убакта келип депутаттардын алдында сүйлөп берүүнү сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости