www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик, партиялык саясий ишмер, Кыргызстан КП БКнын 1-секретары (1961.09.05 - 1985.02.11) Турдакун Усубалиевдин Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча жазып кеткен эскерүүсүнөн бир үзүм.

Кыргыз жана өзбек элинин ортосундагы мамилелердин тарыхынан бир укмуштуу факт эсиме түшөт. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында Жогорку Советти башкаргандар: Өзбекстанда — Ахунбабаев, ал эми Кыргызстанда – Орозбеков болгон. Экөө тең Фергана өрөөнүнүн жогорку агымынан, дыйкан үй-бүлөлөрдөн. Алар эң жакын достор болгон. Бир жолу Фергана өрөөнүндө жай мезгилинде алар Шахимарданда — Кыргызстандын эң кооз тоолуу курорттук аймагында, Орозбековдун туулуп өскөн Охна айылынан алыс эмес жерде (азыркы Орозбеково деп аталган) жолугушту. Анан Ахунбабаев өтүнүч менен Орозбековго кайрылды: «Досум, билесиңби, өзбектер ысыкта акактап турушат. А силерде ушунчалык кооз жерлер бар, тоолордун салкындыгынан ырахат аласың. Шахимарданды өзбек элине биздин достугубуз үчүн берсең болбойбу?» Ага Орозбеков: «Досумдун өтүнүчүнөн баш тартпайм», — деп жооп берген. «Силерге Шахимарданды белек кылалы, өзбек досторубуз ушул жерде эс алышсын. Мындай жерлер Кыргызстанда көп, алар бизде жетиштүү».

Сөздүн арты иш жүзүнө өттү. Шахимардан Өзбекстанга эч кандай документсиз, достук маанайда өткөрүлүп берилген.

Эгер Кыргызстандын географиялык картасын карасаңыз, анда башка түскө боёлгон кичинекей тегерек бар. Бул тегерек менен Шахимардан белгиленген жана бул Шахимардан Өзбекстанга таандык экенин билдирет. Андан бери 60 жылдан ашуун убакыт өттү. Шахимардан Өзбек калкынын сүйүктүү эс алуу жайларынын бири болуп келет. Өзбекстандын малчылары 1950-жылдардан бери Кыргызстандын Алай, Чаткал жана башка жайыттарынын 1 миллион гектарга жакын жерин эч кандай акы төлөбөстөн пайдаланылып келе жатат.

Маалымат Элнура Кулуеванын Фейсбук баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости