www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында "Qingdao Laoshan Mineral Water Co.,Ltd." компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Да менен жолукту.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну талкуулашты.
Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн суу ресурстарынын ишке ашпай жаткан потенциалын белгилеп, эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
"Биз мөңгүлөрдүн булагында турабыз жана экологиялык жактан таза ичүүчү сууну Кытайга, Европа жана Азия өлкөлөрүнө экспорттоого даярбыз. Лаошан сыяктуу компаниялардын тажрыйбасы керек", - деди Акылбек Жапаров.
Өз кезегинде суу жана суусундуктарды чыгарган "Qingdao Laoshan Mineral Water Co.,Ltd." компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Кыргызстандан Кытай Эл Республикасы аркылуу Европа өлкөлөрүнө ичүүчү сууну экспорттоого кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы аракеттерин деталдуу изилдөө үчүн өз ара сапарларды уюштурууну макулдашышты.
СУАРга болгон жумуш сапарынын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Үрүмчү шаарындагы эркин экономикалык аймакка барып, бондалык аймактар (алымсыз электрондук соода жайлар) менен таанышты.
Акылбек Жапаров экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге Бишкек шаардык эркин экономикалык аймагынын базасында бондалык аймактарды уюштурууну тапшырып, Кыргызстанда электрондук сооданы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу үчүн бардык шарттар түзүлөөрүн белгиледи.
Булак: NazarNews.kg