www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 20-ноябрында Ак үйдүн тегерегиндеги жарандарга жана милиция кызматкерлерине бычак менен кол салган адам соттук-психиатриялык экспертизадан өтүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы менен гана сот аны мажбурлоо иретинде дарыланууга жөнөтөт же болбосо сотко чейинки убакытка чейин абакта калтырыла бермекчи.

Окуя жогоруда маалымдалгандай 20-ноябрда орун алган. Алгач колуна бычак көтөргөн адам коомдук транспорттон түшүп, жолдогу адамдарды бычак менен кезеп, коркутуп-үркүткөн. Анын артына түшкөн милиция кызматкерлери ал адамды тургундардын жардамы менен араңдан-зорго колго түшүрүшкөн. Колго түшүргөндөрдүн катарында ИИМ министринин орун басары Алмаз Орозалиев дагы болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости