www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү режиссер жана продюсер, манасчы Дөөлөт Сыдыковдун жубайы Ырыс Окенова,  Фейсбуктагы өздүк баракчасына  азыркы учурда үй-бүлөлүк конфликт трагедия менен аяктап,  мындай окуялар Кыргызстанда акыркы айда өтө көп катталып жаткандыгы  кейиштүү экендигин  жана мунун  келип чыгышына бир гана  эркектерди күнөөлөбөш керектигин жазып чыкты.  

“Акыркы учурда үй-бүлөлүк конфликт трагедия менен аяктап, бул окуялар кайталанганы өтө кейиштүү! Албетте, адам өмүрүнө коркунуч же өлүмгө алып келгенине мыйзам алдында жооп бериши керек. Бирок бир гана эркектерди күнөөлөбөш керек! Жарды мамлекетте жашайбыз, мыйзамдары иштебейт же туура эмес жазылган, анан калса ондогон жылдардан бери оңоло албаган өлкөдөгү мамлекеттик деңгээлдеги агрессия, талап-тоноону көргөн муун келди. Үй-бүлө, коом, тарбия бул коомго да байланыштуу болот. Өтө идеалдаштырып, мына мындай болуш керек эле... деген КР үчүн утопия! Айрым ээнбаш НПОлор каалаганын кылып, бөрк ал десе баш алып, укук демиш болуп аял-эркек ортосуна ажырымды да пайда кылды. Эмне үчүн алар кырсык болгондо гана айгай салганга даяр? Ага чейин психология, инсандык өнүктүрүү боюнча жар салышпайт?! Ал эми кырсык тооругандарды алар өзү каалагандай самосуд кылып, өзүн жоготуп аффект абалына түшкөнү деп билем. Кыргызстан менен чогуу чоңойгон бул муундун абалы ушул. Жаштары да жашташ, проблемалары окшош. Байкасам, улут, эл күнөөлүү болуп баратат. Жок! Буга мамлекеттик система күнөөлүү. Кайсы бир диний агымдарды таңуулоо күч алып кетти. Аялга талак берип айдап ийип, артынан башкасын алам деген караңгылар көбөйдү. Ошолорду зомби кылып, жаштардын башын айлантып аткан аалымдарды ооздуктатпайбы мамлекет?! Эркектерге эле кине койбой, тиешелүү тармактар иштесин. Социалдык программалар керек эле. Үй-бүлө баалуулуктары боюнча мамлекеттик программа жокко эсе. Анан дагы, коомчулук бир беткей күнөөлөбөй, туура анализ кылып, калыс болуусу шарт. Улуу муун убагында маселени айтып, же кам көрүп Кыргызстанды ушул жагынан да өнүктүрө алышпаптыр. Адатта, жаштар урушуп жатса, ошол элдин улуулары күнөөлүү болуш керек. Себеби, жол көргөзө алышкан эмес. Же жолду да салышкан эмеспи?! Өлкөдөгү 30жылга чукулдаган баш аламандык ушул муундун башын айлантты, чайкады. Тартип жана баалуулук сакталганда гана ирээт болот эле. Аттиң...”-, дейт Ысыс Окенова өздүк баракчасында.

Эске салсак, Жаңы жылда Баткен шаарында 31 жаштагы келин ур-токмоктон каза тапкан. Кийинчерээк Кочкордо дагы 37 жаштагы келиндин киши колдуу болгону ачыкталды. Эки учурда тең шектүү катары келиндердин жолдоштору кармалган. Ал эми 9-январь күнү Каракол шаарында жарандык никедеги жубайына бензин чачып өрттөп жиберген деген шек менен күйөөсү колго түшүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости