ВИДЕО – Таласта айыл аралаган ак илбирс кармалды
Коом  |   |  606

Бактын башына чыгып алган жырткыч жабалактаган адамдарга багынып берди. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, жарадар болгон ак илбирс Талас облусундагы Көк-Ой айылында байкалган. Аны жергиликтүү тургундар менен аймактык Экотехинспексиянын кызматкерлери биргелешип, бактан жерге түшүрүшкөн. 

Учурда бул кызыл китепке кирген жырткычка эмне болгонун иликтеп, анын жараатын дарылоо үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүп берүү жагы каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями