www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылы өлкөбүздө 200 килограмм кара икра өндүрүлгөн, бирок ал экспорттолгон эмес. Бул тууралуу КРдин Балык чарбалар ассоциациясынын жетекчиси Ренад Досаев билдирди.

Маалыматка караганда,  бул кышта бир жарым тонна кара икра алып , килограммын 35-40 миң сомдон экспорттоо пландалып жаткан. Бирок  жыйынтыгында ишкерлер  өткөн жылы 200 килограммдай гана икра алышып, ички рынокто килограммы 30 миң сомдон гана  сатышты. Себеби, экспорттоо боюнча өндүрүүчүлөр  эл аралык уюмдун атайын документин ала албай калышкан.  Демек, икра өндүрүлгөн күндө дагы сыртка чыгаруу мүмкүн болмок эмес.

Буга байланыштуу, ишкерлер товардын көлөмүн өздөрү  атайылап азайтышкан.

Балык чарбалар ассоциациясынын жетекчиси: "Документтерди тууралоого 2-3 ай кетет. Бул иштерди эми ушул же келээрки айда баштайбыз. Казакстан айына 100 килограммдан алып турууга даяр", —деп билдирди.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда күнүнө 50-100 килограмм икра өндүрүүгө болот. Негизги талап — суунун жылуулугу 10 градустан жогору болушу керек.

Эске салсак, бир нече жыл мурда Ата-Мекендик компаниялардын бири осетр тукумуна кирген балыктарды өстүрө баштаган. Буга чейин алардан анча чоң эмес көлөмдө икра алынып келинген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости