www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абылкасым Шерниязов Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болду. Бул тууралуу маалыматты аталган уюмдан тастыкташты.
Белгиленгендей, талапкер 2023-жылдын 14-июнунда акционерлердин кезексиз жыйынында жактырылган.
Абылкасым Шерниязов режиссер, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз менен мурдагы ички иштер министри, маркум Болот Шердин бир тууганы. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин жана Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн. «Манас-Мурас» жана «Сайра комуз» фонддорунун негиздөөчүсү. 2020-жылы “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып, 2021-жылы “Азаттык” партиясы менен бирге парламентке өтүүгө аракет кылган.
Эске салсак, 2023-жылдын май айында Туризмди өнүктүрүү фондунун кеңсеси жана уюмдун жетекчиси Елена Калашникованын үйү тинтүүгө алынган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети туристтер үчүн эс алуучу жайларды куруу долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат Елена Калашникова менен вице-президент Александр Валитовду камакка алган.
Булак: NazarNews.kg