www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылы дүйнөлүк туризм тармагы рекорддук көрсөткүчкө жетип, дүйнөлүк экономикага 11,7 трлн АКШ доллары өлчөмүндө салым кошту. Бул дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) болжол менен 10 пайызына барабар.

Эксперттердин маалыматына ылайык, туризмге эң көз каранды аймак — Кытайдын өзгөчө административдик району Макао болуп, анда туризм ИДӨнүн 70,8 пайызын түзөт. Андан кийин Аруба (69,7%), Мальдив аралдары (68,1%) жана Андорра (66,5%) орун алган.

Европанын ири экономикаларынын арасында туризмден эң көп киреше тапкан өлкө — Испания. Бул тармак өлкө экономикасынын болжол менен 16 пайызын түзүп, 2025-жылы Испанияга 96,5 млн чет элдик турист барган.

Ошондой эле Грекия менен Португалияда туризмдин үлүшү жогору болсо, Франция жана Италияда бул көрсөткүч 9–12 пайыздын тегерегинде.

Салыштыруу үчүн, Түркияда туризмдин экономикадагы үлүшү 4,4 пайызды, ал эми Россияда болгону 0,4 пайызды түзөт.

Последние новости