www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк аба жолдору Казакстандагы абалдардан улам Алматы шаарындагы түрк аба жолдорунун учуу экипажы жана башка аба жолу фирмаларынын кызматкерлерин Түркияга алып келүү үчүн атайын каттамды ишке ашырат. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. 

Алынган маалыматка караганда "TK 6902" учуу коду менен түрк аба жолу учагынын керектүү уруксаттардын алынышынан кийин бүгүн түнү Стамбулдан Алматыга барышы, "TK 6903" каттамы менен эртең 75ке жакын кишинин Түркияга алып келиниши пландалууда. Учактын эртең Түркия убактысы боюнча саат 13:40 чамаларында Стамбулда болушу күтүлүүдө.

Нур Султан шаарындагы түрк аба жолунун 6 экипажы үчүн түрк аба жолдорунун башкаруу кеңешинин төрагасы Илкер Айжынын атайын жолдомосу менен керектүү бардык эвакуациялык мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлгөндүгү билдирилди.

Түрк аба жолдору Казакстандагы абалдардан улам каттамдарын  9-январга чейин токтотуу чечимин кабыл алган.

Последние новости