www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк оппозиционери Гүлен ууландырылып каза болдубу?

2016-жылы Түркияда аскердик төңкөрүш даярдады деген Гүлен тууралуу Кыргызстанда көп сөз болгон. Анткени “Чырдын башы Көкөтөйдүн ашында” дегендей Түркия менен Кыргызстандын мамлекет башчыларынын ортосунда чырдын башы Гүленден башталган. Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан түзгөн Түрк кеңешинин 2015-жылы Астанада бешинчи саммити өткөн соң, 2016-жылы Кыргызстанда өтмөк. Бирок, Атамбаев президент Эрдоган менен Гүлен боюнча эрегишип катуу таарынышкан. Себеби, Эрдоган өзүнө каршы аскердик төңкөрүш өткөргөн Кыргызстандагы Гүлендин адамдарын кармоо тууралуу Атамбаевге айткан. Атамбаев Эрдогандын бул айткандарына карамандай каршы болуп «Себат» билим берүү тармагында иштеген түрк ишкерлерин Эрдогандын колуна салып берген эмес. Ал эми Азербайжандын президенти Алиев Карабак маселеси боюнча Бакунун позициясын жактаган Исламабад декларациясына кол койбой койгон Атамбаевге расмий түрдө таарынычын билдирген. Казак президенти Назарбаевди болсо Атамбаев “төө бастыга” алганы белгилүү. Ал кезде Өзбекстан бул саммитке кирген эмес, Атамбаев Каримов өлсө бардыгы жакшы болот деп коюп ал деле сүйчү эмес.

Фетхуллах Гүлен АКШда каза болгонун түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек. Ал арада социалдык түйүндөрдө түрк оппозициясынын лидери ууландырылды деген пикирлер айтыла баштады. Түрк бийлигинин айтымында, 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында Гүлен жана анын тарапташтары турат деп айыпташкан. Ал эми Гүлендин тарапташтары бул дооматты четке кагып келишүүдө. Ааламды чапчыган эң байыркы элдердин бири, түрк тилдүү элдер. Булар2021-жылдын  12-ноябрында  Стамбул шаарында жолугушкан. Учурда түрктөрдүн чокусуна куш конуп турганы. Түркия эл аралык аренада чоң күчкө айланды, Азербайжан Карабакта Арменияны жеңип алды. Казакстан, Өзбекстан Азиядагы чоң державаларга айланды. Кыргызстан болсо түрк тилдүү мамлекеттер менен тил таап байланышын чыңдап келатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости