www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-2-сентябрь күндөрү Түркиянын Стамбул, Адана, Газиантеп жана Хатай шаарларындагы атайын операциялардын жүрүшүндө Өзбекстандын 20га жакын жараны кармалды. Бул тууралуу “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Алар терроризмге жана «Ислам мамлекети» террордук тобунун Түркиядагы «эмири» деп эсептелген Махмут Озденге (Mahmut Özden) логистикалык жардам беришкен деп шек саналууда.

Өз булактардын маалыматына караганда, түрк атайын кызматы 31-августта Махмут Озденди Адана шаарында колго түшүргөн. Ага таандык ондогон компьютер жана электрондук маалымат алып жүрүү каражаттарынан Түркиядагы өзбектер менен тажиктердин аты-жөнү, жашаган даректери жазылган тизмелер табылган.

Маалыматка караганда, Озден ондогон кишиден турган топ түзүп, Стамбулда, анын ичинде жакында эле кайра мечитке айландырылган мурдагы «Айя София» музейинде теракт жасоого даярдык көрүп жүргөн.

Түркиядагы эки гуманитардык уюмдун өкүлдөрү ИМ тобуни тиешеси бар деген шек менен Өзбекстандын жарандары кармалганын ырасташты. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кармалган өзбекстандыктар тууралуу маалыматты Өзбекстандын атайын кызматына жөнөткөнү кабарланууда.

Тажикстандын атайын кызматы Түркияда тажикстандыктар да кармалганын, азыр алардын тек жайын аныктоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Аты-жөнүн айткысы келбеген түркиялык аткаминер ушул жуманын аягына чейин «ИМ» тобуна тиешеси бар адамдарды колго түшүрүү операциялары уланарын, кармалгандардын саны көбөйүшү мүмкүндүгүн маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости