www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдараак, Орусиянын Арвин жүк ташуучу кемеси Түркиянын түндүгүндөгү Бартин провинциясына жакын Кара деңизде чөгүп кеткендиги тууралуу кабарлаганбыз. Акыркы маалыматтарга караганда, кеменин экипаж мүчөлөрүнүн экөөнүн сөөгү табылды. Алты адам куткарылды. Жергиликтүү бийлик чөгүп кеткен кемеде 12 Украин жараны болгонун билдирди. Орусиянын деңиз жана дарыя транспорту боюнча федералдык агенттиги жүк ташуучу кемеде 12 адам болгонун, алардын экөө орусиялык болгонун билдирди.

Орусиянын Анкарадагы элчилиги дипломаттар эмне болгонун карап жатканын билдирди. Чөгүп кеткен кемедеги жарандарга жардам берүү үчүн элчиликтин кызматкерлери Бартин портуна бет алышты. Түрк деңиз флоту Кара деңиздеги кырсык болгон жерге фрегат жөнөттү. Жергиликтүү бийлик кеменин чөгүп кетишине аба-ырайынын ыңгайсыз шарттары күнөөлүү деп эсептешет. Ошондой эле кеменин оператору Украинанын Tesoro Marine компаниясы экендиги айтылууда.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости