www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстан парламенти 2022-жылды “Элдин Аркадаг менен бирге доору” деп жарыялады. Жергиликтүү бийлик президент Гурбангулы Бердымухамедовду мактоону күчөттү.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, жергиликтүү бийлик Бердымухамедовду мактап-жактоо максатында бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүүдө. Пропагандалык-түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө кызматкерлерден президенттин сүрөтүн үйлөрүнө илүү сунушталды.

Үгүт иштери билим берүү жана медицина кызматкерлери, завод-фабрикалар, анын ичинде мунайды кайра иштетүүчү ишканалардын жумушчуларынын арасында жүргүзүлүүдө.

Пропагандалык жолугушуулардын уюштуруучулары ар бир кызматкерден президенттин калемине таандык кеминде он ыр жаттоону, Бердымухамедов жазган китептердин аттарын жатка билүүнү талап кылышууда. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бул талаптарды аткаруу – “мекен алдындагы жарандык милдет” катары кабыл алынышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости