www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддын бийлиги мамлекеттик дүкөндөрдө узун кезектер көрүнбөш үчүн нанды таң жаңы атып келатканда сатууну буйруду. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, мамлекеттик дүкөндөрдө нандын баасы базардагыга караганда он эсе арзан. Ун жана азык-түлүк жетишсиз болуп жаткан маалда мамлекеттик дүкөндөрдүн алдында узун кезекте тургандар адатта көп.
Редакцияга түшкөн видеодо нанга кезекте жүздөгөн адам, анын ичинде балдар турганын көрүүгө болот. Нан дүкөнгө таңкы беште түшөт.
Жазында түркмөн кызматы кабарлагандай, аймак жетекчилери президент Гурбангулы Бердымухамедовдун беделине доо кетирбеш үчүн дүкөндөрдүн алдына кезекке турууга тыюу салган.
Түркмөнстан соңку жылдары терең экономикалык кризистен чыгалбай келет. Бийлик муну четке кагып жүрөт.
Булак: NazarNews.kg