www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустан көз жумгандар 26-октябрда эң жогорку чекке жетти. Өлкөнүн саламаттык сактоо мекемеси ал күнү 57 киши каза тапканын маалымдады. Өткөн жумада эле COVID-19 илдети 330дан көп кишинин өмүрүн алды. Ошол эле маалда инфекцияны жугузуп алган адамдар да кескин көбөйдү. Соңку бир суткада вируска кабылган 1,5 миңден ашуун киши аныкталды.
Саламаттык сактоо министри Анахит Аванесян ооруканалар бейтаптарга толуп баратканын эскертти жана элди коомдук жайларда, транспортто беткап тагынып жүрүүгө үндөдү. 3 миллион калктын 10 пайызга жетпегени гана толук эмделген Армения Европада вакцинация жагынан акыркы орунда турат.
Булак: Азия News гезити