www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сегизбаевдин Кой-Ташка келишин Путин келгендей даңазалоонун кереги жок, аны менен кошо мурунку ИИМ министри Улан Исраилов келди дейт. Ооба, бир жагы туура экөө тең кызматта турушкан. Экинчи жагынан Атамбаевге мурунку кайниси менен мурунку жансакчысы келиптир. Кайнисин алып барып УКМКны, жансакчысын алып барып ИИМди жетектетип коюш өзү туура эмес. Жансакчысын эл билет, кайнилик жагын айта кетели.  Атамбаевдин биринчи аялынын атасы Теңизбай менен Сегизбай бир тууган. Атамбаев мурунку кайыненесине президент болгон соң алтындан жасалган, Кремлдин сүрөтү түшүрүлгөн чөйчөк тартуулаган. Себеби алар Москвада окуп жүргөндө биринчи балдарын кайыненеси тарбиялалаган экен. Ал эми Акаевде иштеп, 2005-жылы 24-мартта көтөрүлүшчүлөрдөн жанчылып, баш көтөрө албай жүргөн Сегизбаевди Атамбаев УКМКга алып келген. Ал УКМКда жүргөндө көп мыйзамдарды бузуп, көп адамдардын убалына калган. Азыр анын аркасынан факт издеп камалыш керек дегендер көп, демек Сегизбаевдин «секунданттыгы» бүткөн. Балким, мурун жок шылтоо менен каматкандардын арасына барып калышы мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости