www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“ОДКБ биринчи кезекте Оруссияга керек экендигин унутпайлы. А калган өлкөлөрдүн кызыкчылыктары кийинки планда”, - деди бүгүн, 4-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турсунбай Бакир уулу.

-Турсунбай мырза, Кырызстандыктарды санаага салган чек арада чыккан согуш токтогону менен, ОДКБнын жыйыны өтүп жатканда Тажиктердин кол салышы кимдир бирөөлөр менен макулдашылган иш эмеспи деп анализ жасай турган мезгил келди. Анткени, ОДКБнын жыйыны өтүп жатканда Рахмондун согуш ачышы аны сүрөгөн, ал таянган державалар бар экенин айгинелебейби?

-ОДКБ биринчи кезекте Оруссияга керек экендигин унутпайлы. А калган өлкөлөрдүн кызыкчылыктары кийинки планда. Аны биз 2010-жылы Кыргызстанда кан төгүлгөндө байкадык. Ошондой эле 2014-жылы Украинада болгон түстүү ыңкылаптан жана Армения менен Азербайджандын согушунан көрдүк. Ошондой эле Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп жылдан бери токтобогон чек ара жаңжалдардан да байкап жүрдүк. Быйылкы апрель айынын аягында тажиктер кол салган согушта анык жүзүн көрдүк.

Айтмакчы, 2014-жылы Украинанын позициясы чындыкка жатат, алардын ички иштерине кийлигишүүнү токтотуу керек деп Жогорку Кеңештен сүйлөп алып, мен Оруссиянын кара тизмесине кирип калгам. Ошол эле жылы ОДКБнын «ОДКБга мүчө болгон кайсы өлкөгө бөлөк өлкө кол салса, калган мамлекеттер ага жардам берүүсү абзел» деген келишимине каршы чыккам. ОДКБнын башкы катчысы генерал Бордюжа мага каршы расмий билдирүү жасаган. Бирок, ушул күнгө чейин ал кадамыма өкүнбөймүн, себеби эртең Оруссия менен Украина согушуп кетсе, эмне үчүн биздин жигиттер курман болушу керек?

Ошондуктан бул аскерий эл аралык түзүлүшкө анча деле ишенимим жок. Ал турсун ОДКБнын мүчөлөрү болгон өлкөлөрдө кыйын кырдаал түзүлгөндө жардам бере албаган эл аралык аскерий уюмга мүчө болуунун кажети барбы деген ойдомун.

-Путин ортомчу болууга даярмын дегени менен эмне үчүн тынч жаткан элге кол салган тарапты тыйган жок?

- Эки тарап тең Оруссия түзгөн бардык уюмдарда бар. Жада калса, Кыргызстанга да, Тажикстанга да курал-жаракты да Оруссия бирдей берип турат, офицерлерин бирдей окутуп берет. Андан тышкары Кыргызстанда да, Тажикстанда да Оруссиянын аскерий базалары жайгашкан.

Ошондуктан чек арада биринчи ок атылганда эле Оруссия Тажикстанды тыйып койсо болмок. Бирок абал курчуп, өлүмдөр, жарадарлар жана качкындар көбөйүп кеткенде, Тажикстандын аскерлери Кыргызстанга бастырып кирип келгенде, мал, мүлк тонолуп, үйлөр, имараттар өрттөнгөндөн кийин «ортомчу» болууга даярбыз дегендери кыжырды келтирет экен. Буга чейин эмнени күтүп олтурушту?!

Ошондуктан бир өлкө менен эле жакындап, калган өлкөлөрдөн алыстабоо керек. Бул сунушумду расмий түрдө жаңы бийликке билдиргем.

- Тажиктердин өзүнө жараша жооп кайтарбай коргонууга өтүп, согушту ырбатпай бүтүрүүгө аракет кылганыбыз туура болдубу?

 -Рамазандын ыйык айында сабырдуулук көрсөткөнүбүз жана «канга кан, жанга жан!» деген принциптен баш тартканыбыз үчүн Аллах-Таала Кыргызстаныбызга көп-көп жакшылыктарын берерине толук ишенемин.

Аллах-Таала Рамазан айында согушту баштагандарды жана мусулмандардын канын төккөндөрдү бул дүйнөдө да, аркы дүйнөдө да сөзсүз жазалайт!

- Тажиктердин Европада жашаган оппозициясы Кабиринин айткан сөзүндө чындык барбы?

- Сыртка чыгып кеткен Тажикстандын кайра жаралуусунун исламий партиясынын жетекчиси Мухиддин Кабиринин сөзүндө албетте, чындык бар. Чынында Тажикстанда Эмомали Рахмонго каршы чыга турган, каталарын сындаган күч калбаган. Ырааматылык Саид Абдуллох Нуринин ишин уланткан Мухиддин Кабиринин тарапташтары абакта олтурушат же Европада качкын статусунда жүрүшөт.Тажикстанда бир гана саясий инсандар эмес,  чындыкты айтып тура турган диний кызматкерлер да, интеллигенция да калган эмес. Ошондуктан диктатор Рахмон билгенин жасап, кутуруп жатпайбы! Оруссия да унчукпайт, анткени Эмомали Рахмон аларга катуу көз каранды. Ал орустардын күчү менен бийлигин сактап калуу жана аны уулуна өткөрүп берүү үчүн бир гана кыргыздар менен эмес, өзүнүн эли менен да согушкандан качпайт...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости