www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жапаровдун Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол койгону - бул саясий эрдик!», - деди бүгүн, 19-сентябрда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турсунбай Бакир уулу.
- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул долбоор Кыргызстан үчүн пайдалуу болобу?
- Эң негизи, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу биздин өлкөбүздүн логистикалык көйгөйүн чечет. Эл аралык жүк жана, буюрса, жол жүрүүчүлөрдү таашуу Кыргызстандан өтүшү - транзит үчүн кирешелерди казынабызга түшүрөт. Буга кошумча: темир жолду эксплуатациялоого, Кытай менен чек арада вагондорду кенен темир жолдон кууш темир жолго которуудан, салык жана ушул сыяктуу кызматтардан да жакшы киреше түшөт.
Кыргызстан да эми экспорт-импорт соода жана реэкспорт соода операцияларды Кара-Деңиздин же Тынч океандын портторунан эмес, а ушул темир жол аркылуу Индия океанына чыгып кенен жүргүзсө болот. Экономикабыздын өнүгүшүнө бул нерсе өтө чоң пайда алып келет.
Эми бардык нерсени акча жана материалдык байлык менен өлчөй берүү туура эмес болуп калат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу ишке кириши менен биздин өлкө Орусиядан саясий көз-карандысыздыкка чоң кадам жасайт. Тескерисинче, Орусия менен Казакстан биздин жерибизден өтүп жаткан темир жолго кызыкдар болуп калышат.
Албетте, азыр Орусия Кытайдан кызганып, Орто Азиядагы геосаясий үстөмчүлүгүн жоготуп алуудан коркууда. Бирок Самаркандда темир жол жөнүндө үч өлкөнүн башчылары кол койгондугу - Борбордук Азияда геосаясий абал өзгөрүлдү деген сөз. Дүйнөнүн эң күчтүү өлкөсүнө айланып жаткан Кытайдын да стратегиялык кызыкчылыктары ишке ашууда. Өзбекстан болсо ЕврАзЭске жана Бажы биримдикке кирбей туруп, өзүнүн улуттук маселелерин көз-карандысыз мамлекет катары түз чечкени жана саясий-экономикалык эгемендүүлүгүн бекемдеп алууга сонун өбөлгө түзүп алууда. Кыргызстандын президенти Жапаров болсо ал келишимге кол койгону - бул саясий эрдик!
Дагы бир жолу эстетип коёюн: бул темир жол долбоору Орусияга эч жакпагандыгы, батыштын санкцияларынан күнүнө кыйналган Орусия бул темир жол ишке кириши менен дагы бир топ экономикалык жана саясий жоготууларга учурашы - чоң сыр эмес. Ошондуктан, Кыргызстанга кыйла эле экономикалык, саясий жана дипломатиялык кысым жасады, жада калса Тажикстандын Кыргызстанга кол салуулардын артында да Орусия турат десем жаңылышпайм. Азыркы кыргыз коому Садыр Жапаровдун Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбооруна кол койгонун баалабай жатса да, кийинки, чыныгы жана толук көз-карандысыз Кыргызстандын эли саясий-мекенчилдик эрдик катары туура баа беришет деген ойдомун.
Булак: NazarNews.kg