www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги мейманканалардын биринде укук коргоочу Турсунбек Акун кокустан айнек эшикти талкалап, башына жаракат алган. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, милицияга мейманканада белгисиз адамдар айнекти талкалаганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факт Октябрь РИИБде катталып, окуя болгон жерге ыкчам топ барган.
Мейманканада Турсунбек Акун уюштурган иш-чара өтүп жаткан.
«Мейманканадагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам электр жарыгы өчүп, иш-чара токтотулган. Турсунбек Акун буга нааразычылыгын билдирип, администрацияга доомат койгон жана конференция өтүүчү залдын эшигин ачууга аракет кылып жатканда айнек талкаланып, башына жаракат алган», -деп айтылат маалыматта.
Турсунбек Акундун юристи мейманкана менен түзүлгөн келишимдин шарт бузулганы боюнча райондук милицияга арыз жазганы белгилүү болду.