www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Турсунбек мырза, коррупция менен күрөш ырааттуу жүрүп жатабы же жөн эле шоу кылышып, элди алаксытып жатышабы?

- Коррупцияга каршы күрөш башталганы бюджетке 3 миллиарддан ашык акча төктүрүштү. Элдин эсебинен байыган чиновниктерди жеп-ичкенин «куспастан», каражатты эле кайтарбастан, кармалган чиновниктер мыйзамдын негизинде дагы өзүнө тийешелүү жазасын алышы керек. Ошондой эле коррупционерлерди камоо, төлөтүү менен эле чектелбей, коррупциянын тамырын кыркуунун, анын пайда болушунун илимий себептерин изилдеп, концепциясын түзүп, ошонун негизинде иш алып барыш керек.

Президент, башкы прокурор да жардам берип, коррупцияга каршы күрөшкө салым кошушу шарт. Антпесе УКМК менен финполиция коррупция менен жалгыз күрөшө алышпайт. Бюджеттин каражаты солго кетпесин, келген гранттар максаттуу жумшалсын десек, жалпы коом да коррупция менен күрөшүүгө колкабыш кылышы зарыл. Ошондой эле коррупция менен күрөшкөн тармактар да далил жетиштүү болсо, күнөөсүн мойнуна коё ала турган болсо гана кармап, камашы керек. Жөн эле имишке ишенип алып камап, адамдардын тагдыры менен ойногон болбойт.

- Айтмакчы, айрымдар АКСти УКМКнын курамынан чыгарып, президенттин алдындагы коррупция менен күрөшө турган орган кылса, мындан да натыйжалуу иштемек беле? Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Колдойм. Анда мындан да жакшы натыйжа бермек. Чынында УКМКнын курамына кошуп, АКСтин мүмкүнчүлүгүн чектеп жатышат. Коомчулуктун каршы болгонуна карабай Атамбаев АКСти УКМКнын алдындагы коррупция менен күрөшө турган кызмат кылып ачып койгон. Ошол боюнча эле УКМКнын курамында калды. Жаңы бийлик АКСти УКМКнын курамынан чыгарышы керек.

- Ташиев дарыланууга кетери менен үрөй учурган кабар тараткандар болду. Жамандык каалаган кабарларды тараткандарды тартипке чакырыш керекпи же ага маани бербей эле коёлубу?

- Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дарыланууга кетип жатканы боюнча Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, жалпы кыргызстандыктарга кайрылды. «Мен операциянын алдында турам. Дуба кылып коюңуздар, силердин дубаңар мага аябай керек. Мен айыгарыма ишенем. Элим үчүн кызмат кылам!» деген жакшы оюн жазды. Бирок, жакшы ойду жамандыкка буруп, үрөй учурган кабар таратууга аракет кылгандар да болду. Бирөөгө жамандык тилегиче, өзүбүзгө өмүр тилешибиз керек. Жамандык баарыбыздын башыбызга келет. Андан эч ким качып кутула албайт. Өч алуу же табалоо максатында мындай акылга сыйбаган кабарды таратуудан сак болушубуз керек. Мүмкүн Камчыбек Ташиев бирөөлөргө катуу айткандыр, же бирөөлөрдүн куйругун басып алгандыр. Ошондой болсо да ага жамандык тилеген жакшы эмес.

Баарыбызда кемчилик бар. Ал кемчиликтен Ташиев да куру эмес. Бирок, Камчыбек Кыдыршаевичтин баатырдыгы да бар. Ал кандай мезгил болбосун эл тарабында болот. Ыйлаган элдин көз жашын аарчыйт. Маселен, каргашалуу Ош окуясы болгондо Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Акматбек Келдибеков оор күндөрү эл менен болгонун өз көзүм менен көргөм. Абалды жөнгө салуу үчүн көп аракеттерди жасашып, күнү-түнү эл менен болушкан.

Мен да укук коргоочулук милдетимди аткарып, абалды турукташтырууга салым кошуп жүргөндө бул азаматтардын аракеттерин өз көзүм менен көрүп, ошондон баштап Камчыбек Ташиевге сыйым жогору. Октябрдагы революциядан кийин бийликти жөнгө салыш үчүн, мыйзам талаасына алып келиш үчүн да эбегейсиз салым кошту. Элдин эсебинен байыгандарды тизгиндеп, коррупция менен күрөштү күчөттү. Ушундай мезгилде жаман ойдон алыс болуп, жакшы тилек кылалы. Сакайып, ден соолугу калыбына келип, алдыга койгон максаттарына жетсин. Коррупция менен күрөшүүдө изги тилектерин ишке ашырсын. Коомду чырмаган илдеттен арылышына салым кошсун да...

- Неге көптөрдүн каршылыгына карабай Мариповду премьер-министр кылышты? Көпчүлүк коалициянын көрсөткөнүнө карабай, Марипов өзү «мени президент сунуштады» деди...

- Премьер-министрди Конституция боюнча коалициялык көпчүлүк көрсөтөт. Президент көрсөткөнгө мыйзам жол бербейт. Ал эми Марипов болсо: «Президент менен сүйлөштүм. Мени ал киши көрсөттү» деп депутаттарга жагынып, эптеп өтүп кетүүнүн аракетин жасады. Жоопкерчиликти президентке оодарып салганга аракет кылды. Чынында өлкөдөгү экономикага премьер жана аны шайлаган депутаттар жооп бериши керек.

Анткени, биз 2010-жылы кабыл алынган Конституция менен жашап жатабыз. Биз алардан ошону талап кылышыбыз керек. Марипов мурун жылуу кабинеттерде отуруп, 7-кабатта президенттерге кошомат кылып, жакшы сөздөрдү угуп жүргөн жигиттердин бири болсо, эми күнү-түнү баткак кечип иштеши керек. Депутаттардын ишенимин актап, жоопкерчиликти президентке оодара салбай, өз мойнуна алышы зарыл.

- Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиевди коомчулуктун сын-пикирин эске алуу менен бир суткага жетпей кызматынан кетирди. Өлкө башчысынын соцтармактагы пикирлер менен эсептешип иш кылганы туура болдубу?

- Мыйзамдын негизинде мэрди премьер-министр сунуштап, шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Мыйзамдын алкагында карасак, президенттин бул жерде эч тийешеси жок. Мыйзам боюнча президенттин аларды сунуштаганга да, бекиткенге да укугу жок. Жооптуу кызматка сунушталган адам менен президент максатын сурап, программасын билиш үчүн аңгемелешкендир, бирок ал «колдоо» дегенди билгизбейт. «Президент менен сүйлөштүм» деп айтканы этикага да туура келбейт. Негизи премьер-министр мэрлик кызматка Эрмек Нургазиевди сунуштап жатканда аны баардык жагынан текшерип, кылмыштуу, чуулгандуу иштери жок экендигине көзү жеткенден кийин гана дайындашы керек болчу. Марипов премьер катары ишине кайдыгер мамиле жасагандыктан, жаңы дайындалган мэрди кайрадан кызматтан кетирүүгө мажбур болду. Бул өтө уят иш. Аргасыздан бул ишке президент кийлигишип, өз пикирин ачык билдиргендиктен, премьер күнөөсүн түшүнүп, мэрди дайындоо боюнча чечимин жокко чыгарды.

Ошентип, Улукбек Марипов кызматта алты күн иштей элек жатып, эки орчундуу ката кетирип, элдин нааразычылыгын туудурду. Ал өзүн дагы деле мурдагы президенттердин жардамчысы катары элестетпей, премьерминистр экендигин унутпай жана эки жакты карап жалтаңдабай чечим кабыл алышын каалар элем.

- Анын Төрткүл суу сактагычы боюнча айтканы да элди санаага салып, нааразычылык жаратты го?

- Туура, Марипов алты күн иштебей жатып, эки чоң ката кетирди. Анын бирөө Төрткүл суу сактагычы боюнча ойлонбой сүйлөгөн сөзү коомчулукту, айрыкча Баткен облусунун жашоочуларынын нааразычылыгын туудурду. Бийлик да тынчсызданды. Эми мындан ары элди түйшөлткөн катачылыкка жол бербей, ойлонуп сүйлөп, кайра-кайра чалына бербей, туура кадам жасашы керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости