www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Орусия тажиктерди кыргыздарга каршы тукуруп, түрткүлөп жатат деген пикирге кошула албайм», - деди бүгүн, 10-июнда NazarNews маалымат агенттигине мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.
- Баса, кечээ жакында эле тажиктер катардагы провокациясын баштап, Чоң-Алайдагы талаштуу жерге контейнерин орнотуп, элди бир аз бушайман кылышты. Неге алар ушундай нерселерге жол берип жатышат?
- Тажиктердин куралдуу күчтөрү, бийлиги эмнегедир ойлонулбаган, кесепети оор боло турган иштерге барып жатышат. Эл аралык келишимдерди бузуп, адам укуктары декларациясын тебелеп, Кыргызстандын эгемендүү мамлекетине бир жактуу кол салышты. Бу сапар маселе учурунда чечилгени менен өткөндө кирип, канчалаган адамдарды өлтүрдү. Канчасы жаракат алды. Кыскасы, Тажикстандын куралдуу күчтөрү, укук коргоо органдары Кыргызстандын территориясына ээлик кылуу, коркутуу, шантаж кылуунун аракеттерин көрүп жатканы айдан ачык эле байкалып калды. Булардын туура эмес иштерин ООНдун комитетине берип, татыктуу баа бергиле деп жатабыз. Эми президенттен баштаган коомчулук булардын провокациясына алдырбай, эл аралык нормаларды, дүйнөлүк мыйзамдарды сактап, эл аралык стандарттан чыкпай, канга-кан деген принципке өтпөй, айкөлдүктү, чыдамдуулукту, сабырдуулукту көрсөтүүгө аракет кылышыбыз керек. Канчалаган жылдан бери кошуна жашаган эки элде күнөө жок. Күнөө булардын жетекчилигинде, укук коргоо органдары жана күралдуу күчтөрүндө.
- Буларды кайсы бир мамлекет түрткүлөп, бизге каршы тукуруп жаткан жокпу? Анткени, Путин тажиктерди кыргыздарга каршы коюп жатат деген маалыматтар байма-бай айтыла баштады го?
- Мен Орусия тажиктерди кыргыздарга каршы тукуруп, түрткүлөп жатат деген пикирге кошула албайм. Путин Рахмонду жакшы кабыл алып, күлүп-жайнашып, 6-7 саат бирге болду. Биздин президентти формалдуу түрдө кабыл алды. Бирок, ошондой болсо да, Орусия эки жакка тең нейтралдуу мамиле кылуунун аракетин көрүп жатат. Биздин да куралдуу күчтөргө жана Баткенди калыбына келтирүүгө жардам берем деди.
- Бирок, тажиктердин да куралдуу күчтөрүн күчтөөгө убада бериптир го. Эми алар ал куралдарды Кыргызстанга каршы колдонбойбу?
- Туура. Орусия тажиктерге Афганистан менен согушуп кетиши мүмкүн деген ойдо курал-жарак берип жатат. Алар ал куралды бизге каршы колдонбойт деген да кепилдик жок. Бирок, ошого карабастан, Орусия түрткүлөп жатат деген пикирге кошула албайм. Орусия бизге да, тажиктерге дагы калыс мамиле кылат деген үмүттөмүн. Путин бир жактуулукка жол берет дегенден алысмын.
Булак: NazarNews.kg