www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  укук коргоочу Турсунбек Акун менен коронавирус, карантин жана элден чогулган каражат тууралуу ой бөлүштүк.

--Турсунбек мырза, “карантинди токтотуш керек. Элди жөн эле кыйнабаш керек. Бийликтин таркаткан пакети маселе чечпейт” деген пикирлер коомчулукта арбын боло баштады. Карантинди узартылганы туура эле болдубу же токтотуш керек беле?

--Биринчиден, жөн эле карантин кылып, коменданттык саат киргизип, элди үйгө отур деп чектеп жаткан жок. Дүйнө жүзүндө  3 миллионго чукул адам коронавируска чалдыкты. 270 миңдей адам  каза болду. 200дөн ашык мамлекет коронавирус менен күрөшүп жатат. Коронавирустун айынан экономикасы күчтүү болгон Америка, Ангилия, Катар, Сингапур, Түркия сыяктуу 50 мамлекеттин экономикасына сокку урулуп, абалы оорлой баштады. Америка конгресстин чечими менен 2 трилион доллар  акча бөлдү. Экономикасы күчтүү мамлекеттерде да чоң жоготуу башталды. Ал эле эмес, нефтинин баасы түшүп  кетип,  кошумча зыянга алып келди. Мындай учурда эч ким үйдө отурууну каалабайт. Бирок, аталган илдетти жуктургандардын санын токтотуш үчүн үйдө отурууга аргасызбыз. Кыргызстанда эки айга жетпеген убакытта коронавируска чалдыккандар 700гө чукулдап,  онго чукул адам каза болду. Бул илдет күнүгө 15-20дан  ашык кишиге жугуп жатат. Бул вирустун стрелкасы ылдый карап же токтоп калган жок. Тилекке каршы, өйдө карап өсүп жатат. Мына ушундай кезде карантинди узартканыбыз туура эле болду.  Карантинди  токтотсок элди илдеттен сактай албай калабыз. Ошон үчүн президент да, премьер да элдин ден соолугун жогору коюп, карантинди узартууга аргасыз болушту. Мен ыктыярчылар жана штаб менен иштешип жатам. Алар карантинди 15 майга же орозо бүткөнчө созбосок болбойт дешип, оруунун элге жайылып кетүү кооптуулугун айтып  жатышат.

Кичине кыйынчылыкка чыдап, элдин, улуттун саламаттыгы үчүн 1-2 ай үйдө чыдап отуруп берели. Согуш учурунда мындан оор шартта машак терип,  кыргыз баласы жансактаган.  4-5 жыл окопто жатса да, аман-эсен келип, 90-100 жашка чыккан ветерандарыбыз бар.  Үркүндө кырылса да сакталып калган улуу элбиз. Бу сапар да карантиндин талаптарын кынтыксыз аткарып берели. 

--Кыргызстанга бактыга жараша коронавирустун жеңил түрү келди. Бирок, ага карабай ойго, түшкө кирбеген сумманы айтып, бир кишини дарылоого 120 миң сом, же 3000 доллар кетип жатат деген маалымат эл арасында түрдүү божомолго жем таштады. Коробогон акчаны короду дешип, кимдир бирөөлөр илдет менен күрөшүүгө келген каражатты сугунуп коюну пландап жатышкан жокпу?

--Коронавирустун аркасы менен акча жейм деген чоңдор болсо, укум-тукумуна чейин жакшылык көрбөсүн деп айтат элем. Бул акчаны жеп алышса, каргыш урат деген ойдомун. Ошон үчүн  элдин канынан жанынан, ишкерлердин жардамы менен чогулган 100 миллиондон ашык каражатка кыянаттык кылат, аны жегенге абийирлери жол берет деп ойлобойм.

Менимче, Саламаттыкты сактоо министри менен штабдан айтылган сумма эки башка болуп калганы үчүн эл арасында ушундай сөздөр чыгып жатса керек.  Ошон үчүн бир бейтапка канча сом сарпталаарын аныктап туруп, Саламаттыкты сактоо министри   Сабыржан Абдыкеримов менен  штабдагы орун басары  экөө биригип, пресс конференция берип, коомчулукту  кайчы пикир жаратып жаткан маселеге чекит коюшу керек. Чынында коронавируска чалдыккандарды  дарылоону мамлекет өз мойнуна алып жатканын Саламаттыкты сактоо министри айтты. Бирок, ага карабай жалган маалымат таркатып, бийликти алсыратып, элди удургуткусу келгендер да  жок эмес. Мына ошолор бөйрөктөн шыйрак чыгарып, акылга сыйбаган  сөздөрдү айтып, элдин башын айлантып жатышат.

Бирок, мен кронавирус менен күрөшүп  жаткан азаматтар апаатта андай ишке барбайт, ак кызматын өтөйт, элге каршы иш кылбайт  деп ишенем.

--Эл арасында Кыргызстан дүйнөлүк уюмдан акча алуу үчүн  жана тышкы карызды  жылдыруу үчүн өзгөчө абал киргизип, жок ооруу менен  күрөшүп жаткандай таасир көрсөтүп жатат  деген пикирлер бар. Алардын сөзүнүн кымындай болсо да чындыгы барбы?

--Мындай сөз, мындай ой түп тамырынан туура эмес. Биринчиден, карыздан канчалык эрте кутулсак  мамлекет үчүн да, бийлик үчүн да ошончолук жакшы. Президент, өкмөт башчы, парламент баары Кыргызстандын тышкы карызынан эртелеп кутулууга аракет кылып жатышат деген  ойдомун. Бирок, кырдаал турган жерден өзгөргөнү үчүн карызды төлөөнү кийинки жылга жылдырууга аргасыз болдук.

Сооронбай Шарипович айла жоктон акча сурады. Бирок, бардык каражат коронавирус менен күрөшүүгө сарпталып жатат. Дүйнөлүк уюмдардан келген акча  миллион доллар деп аталганы менен ал каражаттардын бара турган жери белгилүү. Анткени, дүйнөлүк уюмдар бере турган каражаттын баарын проект түрүндө берет. Акчалай беришпейт. Ошон үчүн ал каражаттарды эч ким каалаган жагына колдоно албайт. Бул биринчиси. Экинчиси, оору жок эмес, бар. Ошон үчүн Польшадан, кытайдан дарыгерлер  келди. Эгер оорунун кооптуулугу жок болсо, аларды чакырып эч ким убара болбойт болчу.

Үчүнчүсү, коронавирустун жайылып кетүү коркунучу бар болгон үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгы белгиленбей калды.  Дүйнөлүк олимпиадалар, апрель окуясынын 10 жылдыгы өтпөй калды. Ошон үчүн бул илдетти оңой олтоң элестетпешибиз керек.

--Неге өкмөт атайын эсепке чогулган каражаттан коронавирус менен күрөшкөн жана кооптуу жерлерди кайтарууга аргасыз болгон милиционерлерге кошумча каражат төлөбөй жатат?

--Атайын эсепке чогулган каражатты эч ким өзү каалагандай пайдалана албайт. Аны бөлүштүрүү, кайда жумшалып жатканын көзөмөлдөө үчүн өкмөттүк эмес уюмдардан комиссия түзүлгөн. Алар четинен зарылчылыкты жоюу максатында чогулган каражаттарды бөлүп берип жатышат. Иштеп жаткан врачтардын маянасын көбөйтүп, кошумча акча беришти. Ал акча кимдир бирөөнүн алкымына кирип кетет деп кооптонбой деле койсок болот. Чыныгы абалды билбей эле өйдө-ылдый сөздөрдү айта бергенибиз болбойт. Мындай иштерде популист болуп, элге чыгып, жакшы көрүнүп, жасалып жаткан жакшы иштерди жокко чыгарууга аракет кылбашыбыз керек. Күнү-түнү иштеп, илдет менен күрөшүп жаткандардын аракетин да эске алышыбыз керек.  

--Эмнеге карантин жаңы жарыяланганда элдин баары азык-түлүк камдаса, “дүрбөлөңгө түшпөгүлө” деп алып, өкмөт эми азык-түлүккө болгон бааны көзөмөлдөй албай калды?  Көптөр өкмөткө ишенип талаада калдык деп жатышат го?

--Бул жерден элдин койгон дооматы  чыны менен  туура. Азык түлүккө баа кымбаттабайт дегендерине  ишенгенбиз. Бирок, азыр мурдагыга караганда кымбат сатып алууга аргасыз болуп жатабыз дешүүдө. Бирок, мен өкмөттү туура түшүнөм. Анткени, элдин бары азык-түлүктү талап алып жатканда бийлик дайыма сабырдуулукка чакырат. Ал мезгилде нефтинин баасы түшүп кетээрин, коронавирус дүйнө жүзүнө мынчалык жайылып кетээрин эч ким билбесе керек. Күчтүү мамлекеттер  тизе бүгүп калгандан кийин бизде да кымбатчылык боло баштады. Элди ачка кылбайлы, жокчулукка жол бербейли деп ун, май, дагы башка азыктарды сырттан ташып келе башташты.  Бирок, жол акысын кымбаттатып жиберишкени үчүн азык-түлүктөр баштагыдан кымбат боло баштады. Тагыраагы, нефт түшүп, бензин кымбаттап кетти.  Дүйнө боюнча пандемия болуп жаткандан кийин анын кесепети бизге да тийди.  Бул жерден бийликти күнөөлөсөк да, күнөөлөбөсөк да болот. Анткени, бийликтегилер кымбатчылык болоорун, абал оорлорун алдынала  билиши керек болчу. Илимий изилдөө, стратегиялык  жана прогноз берүү институттары алдын ала айтса, бийлик жагдайды элге түшүндүрсө, акчасы бары арзанчылык мезгилде көбүрөөк азык-түлүк алып алышмак. Эл да бийликке мынчалык доомат коймок эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости