www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нигериянын Дельта штатынын тургуну коронавирустун алдын алам деп көп күн бою ачка жүрүп, каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жашы 60 жаштан ашып калган аял күйөөсүн, уулун жана курбусун тамактан толугу менен баш тартып, үйдө камалып отурса коронавирус жукпайт деп ишендирген. Алар 2 апта ошондой режимде үйүндө камалып отурушмак. Кошуналары тамак алып келишсе да, үй-бүлө мүчөлөрү баш тартып, ачкачылыгын уланта беришкен. Акыры кабарсыз болуп кеткенде кошуналары үйүнүн эшигин бузуп киришсе, идеяны сунуштаган аял ачкачылыктан каза болуп, калган үй-бүлө мүчөлөрү алсыз абалда жатышкан.

Акыркы маалыматтар боюнча, Нигерияда 1 273 адам коронавирус илдетине чалдыгып, 40 бейтап каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости