www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Турсунбек агай, саламатсызбы. Кутман кечиңиз менен!
АКШ президенти менен Россия Федерациясынын президентинин жолугушуусу ар дайым дүйнөлүк саясатта маанилүү окуя болуп саналат. Мындай жолугушуулар эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди, экономикалык жана аскердик кызматташтыкты, ошондой эле глобалдык коопсуздук маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк береби?
— Америка менен Россиянын президенттеринин жолугушуусу тууралуу айта кетсек:
2021-жылы Россия менен Украинанын ортосундагы согуштун башталышына Россия мамлекети же В.Путин күнөлүү эмес. Ага коллективдүү Батыш жана Америка Мамлекети күнөөлүү. Анткени алардын максаты Россияны алсыратып, НАТОнун чыгыш тарапка жылдырып, Россияны чачыратып, талкалаш үчүн аракет кылышкан.
Буга ким күнөөлүү? Мурдагы президент Жо Байден, Европа өлкөлөрүнүн лидерлери күнөөлүү. АКШга Дональд Трамп президент болуп шайланып келгенден кийин дүйнөлүк абал өзгөрдү. Ал президенттик шайлоонун учурунда тарапташтарына "мен согушту токтотом" деп убада берип келген. Тилекке каршы, аракети катуу жүргөнү менен 6-7 айдан бери согуш токтобой турат. Ал ортодо Россия мамлекети менен бир нече сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында АКШ президентинин кеңешчиси Стив Уиткоффдун, Путиндин катуу аракеттеринин натыйжасында бүгүн, 15-августта бир нече сааттан кийин жолугушуу башталганы турат. Бул жолугушуу тарыхый.
Жолугушуудан үч тыянак чыгарсак болот: биринчи, дүйнөнү буга чейин башкарып келген НАТО жолугушууга катышпай калды. Тактап айтканда Европа, Евросоюз, НАТО эки лидердин маанилүү жолугушуусунда жараксыз болуп калгандыгын көрсөттү. Анткени алар дүйнөлүк саясатта Путинди жалгыз калтырабыз, деп Украинаны НАТОго мүчө кылабыз дешкен. Алардын мындай арам оюу ишке ашкан жок. Путин бекем турду. Россияны жеңе алган жок. Россияны талкалайбыз деп 300 миллиарддан ашуун акча кетти. Россия канчалаган кысымдарга туруштук берип, жеңип келе жатат.
Эми АКШнын президенти Дональд Трамп Путиндин жана Россиянын күчтүү экендигин Батышка жеңилбей тургандыгын билип туруп, Россия менен сүйлөшүү жолу менен гана чечүү керек деп чечимин кабыл алды. Путин дагы Трамптын жолугушуу демилгесин колдоп, экөө чукул арада жолугушууга даярданып жатат.
Экинчиден, бул жолугушуу дүйнөнү өзгөртө турган жолугушуу. Анткени эки лидер тең дүйнөдөгү эң күчтүү лидерлер жана ядролук куралы бар мамлекеттер. Анын катарында Кытай дагы турат. Эки күчтүү мамлекеттердин лидерлеринин ортосундагы сүйлөшүү дүйнөнү өзгөртө турган сүйлөшүү. Анткени Американын артында Евросоюз, НАТО, коллективдүү Батыш бар. А Россиянын артында БРИКС турат. Ага Бразилия, Кытай, Индия, Белоруссия, Иран баштаган көптөгөн Чыгыш мамлекеттери кирет. Тактап айтканда, эки лидердин артында тең дүйнөлүк күчтөр турганы айкын. Экөө тең күчтүү, экөө тең куралдуу.
Үчүнчүсү, бул сүйлөшүү жетишүү оңойго турган жок. Путин 3 жылдан бери кыйынчылыктарды баштан кечирсе, Трамп дагы шайлоодо жеңип чыгуу үчүн оңойго турбады, аны атканга дагы аракет кылышпадыбы? Ал тургай, бүткүл Батыш Трамптын Путин менен сүйлөшүүсүнө, Европа мамлекеттери, Конгресс, Еврей лобби деп коет, алар дагы каршы болуп келди. Ага карабай, Трамп суурулуп чыгып Путин менен жолугуп жатат.
Путиндин жанындагы коштоп баргандарды эсепке алганда, менимче, сүйлөшүүдө жалгыз гана Украинадагы согушту токтотуу тууралуу сөз болбойт деп ойлоймун.
Жалпысынан, АКШ президенти менен Россия президентинин жолугушуусу дүйнөлүк саясатта маанилүү этап болуп, тынчтыкты орнотууга, конфликттерди чечүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет, - деп ойлоймун.
— Рахмат.
Булак: NazarNews.kg